Кечээ түнү Перс булуңундагы Бахрейнде 130дай туристти жүктөп бараткан кеме сууга чөгүп кетти. Бахрейндин Ички иштер министрлиги кабарлагандай, кеминде 50 адам набыт болду. Кабарларда 63 киши куткарылганы айтылууда. Азыр адамдарды куткаруу операциясында америкалык аскерлер да катышып жатышат. Кемеде араптар, азиялыктар жана европалыктар болушкан.