Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 02:04

ДАНИЯР ҮСӨНОВ : ЭНЕРГЕТИКАНЫ КОҢШУЛАР МЕНЕН БИРГЕЛЕШИП ӨНҮКТҮРҮҮ КЕРЕК


Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов бул кызматка парламент өткөзбөй койгондон кийин баш оту менен ишкерлик жумушка кеткен. Ал “Азаттыкка” сүйлөгөн сөзүндө соңку ишкерлик аракеттери жана энергетика тармагын кыйынчылыктан алып чыгуу боюнча өзүнүн ой-сунуштары менен бөлүштү.

-Жаңы жылдан берки эки айдын ичинде УДПнын өнүгүшү үч пайыздан кичине ашты, 12 миллиарддан ашуун сом түштү. Азыркы өкмөт алдына коюп аткан 8 пайыздык көрсөткүч ишке ашышы мүмкүнбү?

-Мен бул абсолютно реалдуу деп ойлойм.

- Сиздин дагы бир бизнесиңиз көл боюнда айнек чыгара турган кум боюнча болуп атат. Ошол ишиңиз кандай болууда?

-Ал завод жалпысынан бүткөн, технологиясы болбой жатат. Ошол кен 52-жылы табылган Кажысайдан. Бирок анын ичинде жез көп, ал кум айнек чыгарганга тунук болбойт. Ошон үчүн ал жезди чыгарыш керек ичинен. Азыр Академия наук жана Новосибирск менен иштеп атабыз. Ошол технологияны таба албай жатабыз. Ошол бүтсө бул комбинат кумдан тышкары кралинди чыгарат. Кралин деген бул атайын глина кирпичке кошсо бышык болот, андан фарфор, пиала, тарелка чыгарса болот. Ак топурактан аялдардын бетине упа жасайт. Ошон үчүн эки продукция болот. Ошол жерде да жүздөй адамга жумушчу орун табылган азыр. Завод иштеп калса дагы 200 орун кошулат.

-Сиз билесиз биздин энергетикадагы абалды, жылдан жылга кыйындап баратат. Энергетиканы бөлүштүрүү компанияларынын ишин жакшыртуунун кандай жолу бар? Азырынча өкмөт консенцияга берүү, же болбосо аукционго коюп жеке колго сатуу убакыт келип калды деп жатат, апрелден башталыш керек эле?

- Менин оюмча жогорку чыңалуудагы электр линиялары мамлекеттин колунда калышы керек. Бөлүштүрүп сатуучу компанияларды менин оюмча жеке менчикке бериш керек. Бул структуралык жагы.

Гидроэнергостанцияларды консорциум кылып уюштуруп, казактар, орустар менен бирге гидроэлекторо станцияларды курушубуз керек. Бары бир Токтогул ГЭСин алар чөнтөккө салып алып кетпейт да. Себеби бул биздин байлык. Ал байлыктын баасы бүгүнкү күнү жарым миллиард доллар. Анан биз тышкы карызды кантип жабабыз деп отурабыз. Жолдор бар, мисалы концессия кылып, консорциум жасап казактар менен орустарды чакырып, 10 миллиардга дагы 2 миллиарддан кошсун. Ошондо жалпы 14 млрд. болот. Мисалы, биздики 70 пайыз, аларга 15 пайыз. Ошол акчаларды алып карыздарды жаап салышыбыз керек.

Биз альтернативдик жолду табышыбыз керек экспортко. Бүгүнкү күнү биз Россияга, Казакстанга бир центтен сатып атабыз. Өздөрүнүн өлкөлөрүндө электро энергиянын баасы 5 сом. Эмне үчүн биз башка баа менен сата албайбыз? Себеби алар бааны бизге таңуулап атат. Эмне үчүн ушунтип жатат? Башка жол жок. Ошон үчүн жаңы жол куруш керек Кытайга, алар алганга даяр. Бирок алар айтып атат, бизге Кашкарга чейин жок дегенде алып келгиле деп. Ошого 40 млн. доллар керек. Бул акчаны сөзсүз таап, кытайларга 3 центтен сатышыбыз керек. Мен, мисалы, казактар менен орустарга электро энергияны жаап салат элем, качан алар бизге жакшы баа бергенден кийин гана, туугандар силерге да сатабыз деп сатат элем.

Бул саясат, бирок эң негизги маселе экономика болуш керек. Биз болсо 90 пайыз саясатка айландырып атабыз. Бүгүнкү электрэнергиянын баасы эл үчүн өтө кымбат. Баасын түшүрүш керек. Себеби эл бул бааны төлөй албайт, элдин кудурети жетпейт. Бул бааны кантип азайтса болот? Экспорттун баасын көтөрүш керек. Бөлөктөргө кымбатырак сатып, өзүбүзгө азырак, бул биринчиден. Экинчиден, бизде 60-жылкы счетчиктер келатат. Ошонун баарын алмаштырыш үчүн бизге 10 млн. доллар керек. Аны таап, электрондук счетчикти кою керек. Счетчиктин ичинде уюлдук телефондой, акчасы жок болсо өзү эле өчүп калат. Буга жетишибиз керек.

Биз эсептеп көрдүк, канча электр энергияны сатабыз, эл канча акча төлөйт. Ошол акчаны электрэнергияга бөлсөк бир киловатка канча акча чогултуп атабыз. Бүгүнкү күнү биздин баабыз 40 тыйындан 80 тыйынга чейин бир киловатка. Чогулткан акчабыз 24 тыйын. Мен ойлойм, электро энергиянын баасын 20 тыйын кылыш керек, бирок уурдаса жоопкерчилик абдан катуу болуш керек. Жоопкерчиликти тартуу бул эң негизги маселе. Коррупция менен да күрөшүш керек. Бирок жалпы дисциплинаны өйдө көтөрүш керек. 15 жылдын ичинде тартипсиз жака кетип атабыз. Ошон үчүн президенттик республиканы кылыш керек жана президент катуу тартипти орнотушу керек. Буга таарынбаш керек. Анан демократия ойнойбуз деп ушуга чейин келдик.

-Сиз мурда айттыңыз эле, Камбарата-1, Камбарата-2 ГЭСтерине орусиялык ишкерлер кызыгып атышат, азырынча макулдашуулар, сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп атат деп. Мына ошол сиз айткан орусиялык инвесторлор эмнегедир кечигип атат?

- Алар кечиккен жок, алар Тажикстанга кетип калды. Рогун ГЭСин баштады, куруп атышат. Эмдиги жылы июлда бетон кое баштайт. Эмне үчүн бизге калган жок? Бизде гидроэлектрстанция бизнесмендин мүлкү, же кош мүлкү боло албайт, ал мамлекеттик гана боло алат. Ошол мыйзамды оңдош керек. Аны куруп бүтүш үчүн бизге 2 млрд. доллар керек. Аны ким берет, же өкмөтүбүз гарантия бере албаса, же өзүбүздүн акчабыз жок болсо, ошон үчүн кур намыстын артынан ачка калсам да, өлүп калсам да эч кимге эч нерсе бербейм деген саясат менин оюмча туура эмес.

Биздин экономика канчалык деңгээлге түшүп, талкаланып калганын көп адамдар бүгүнкү күнү түшүнбөйт. 2 млрд. доллар карызды 15 жылдын ичинде топтогон урматтуу Аскар Акаев. Биз ушундай деңгээл менен келатсак, өмүр бою төлөй албайбыз. Ошон үчүн бул жерде кардиналдуу чечим керек. Макулдашуу жолу менен барсак биз эч качан бир чечимге келе албайбыз. Ошон үчүн бийликтин институттары жоопкерчиликти өзүнө алсын. Президент болсо президент, премьер болсо премьер, мен ушуну жасайм деп жоопкерчиликти алып натыйжаны бериш керек. Болбосо чыга албайбыз. Анан кийин май токоч, боорсок толо болгондо, тынчтык болгондо отуруп алып демократия ойносоңор ойной бергиле.

XS
SM
MD
LG