БИШКЕК. Рыспек Акматбаевдин тегерегинде түзүлгөн кырдаал сот бийлигине да, Борбордук шайлоо комиссиясына да элдин ишенимин кетирип атат. Мындай пикирин бүгүн “Кыргызстан демократиялык кыймылы” партиясынын лидери Жыпар Жекшеев билдирди. Анын пикиринде, БШК менен соттун чечими дал келбей калганы маселенин саясатташып кеткенинен кабар берет. БШКнын 30- марттагы Рыспек Акматбаевди шайлоо жарышынан алып салган чечимин кечээ кечинде Биринчи май райондук соту жокко чыгарган.