Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Акматбаевдин айланасында чыккан талашты Жогорку сот карайт


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясы Биринчи май райондук сотунун Рысбек Акматбаевдин талапкерлигин калыбына келтирген чечими боюнча Жогорку сотко даттануу арызын бүгүн кечки саат алтыдан кийин жолдоду. Буга соттун чечимди создуктуруп бергени себеп болду. БШК бул чечим боюнча Жогорку сотко бүгүн гана арыз бергенге укуктуу. Анткени шайлоо кодексине ылайык, талапкерди шайлоо күнүнө беш күн калганга чейин гана жарыштан четтетүүгө мүмкүн. БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов Биринчи май райондук сотунун аталган чечимин негизсиз деп эсептээрин бүгүнкү маалымат жыйынында билдирген. Жакынкы сааттарда Жогорку сот БШК арызын карап баштамакчы. Балыкчы шайлоо чөлкөмү боюнча депутаттыкка ат салышып жаткан Рыспек Акматбаевди шайлоодон четтеткен БШК чечимин кечээ кечинде Биринчи май райондук соту жокко чыгарган. Бул округда шайлоо 9-апрелде болот.

XS
SM
MD
LG