Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Кеминдиктер Айдар Акаевди депутаттыктан чакыртуу талабы менен чыгышты


БИШКЕК. Кемин шайлоо чөлкөмүнүн шайлоочулары Айдар Акаевди Жогорку Кеңештин депутаттыгынан чакыртып алуу талабын койуп жатышканын Кыргызстан коммунисттери партиясынын Чүй райондук бөлүмүнүн башчысы Анаш Сейитказиев менен "Асаба" партиясынын өкүлү Дербишалы Садыгалиев бүгүнкү маалымат жыйынында билдиришти. Алардын айтымында, шайлоочулар президентке жана Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жолдоп, Айдар Акаев шайлоочуларынын укугун коргомок турсун, бир жылдан бери парламент жыйындарына себепсиз катышпай келгенин айтышкан. 150 адам кол койгон бул кайрылууда баш мыйзамга ылайык, Айдар Акаевди депутаттык укугунан ажыратуу суралган. Парламент төрагасы Марат Султанов бул маселе апрель айында күн тартибине койулаарын өткөн айда билдирген.

XS
SM
MD
LG