Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:50

РОССИЯДАГЫ КЫРГЫЗДАР ТАКЫР БАШТАРДЫН КОЛУНАН БЕЙКҮНӨӨ МЕРТ БОЛУУДА


Орус жергесинде соода-сатык менен жан сактап жүргөн кыргыз атуулдарынын такыр баштардын колунан мертинип жатышы Кыргызстанды бушайман маанайга салууда.Такыр баштардын зөөкүрлүгүн орус бийликтеринин тымызын саясатынын натыйжасы катары айыптагандар да бар. Бул жактагы байкоочулар, такыр баштардын ашынган кылмышына жооп иретинде Кыргызстандагы славян элдерине да куугунтук чыгышы ыктымал деп коңгуроо кагууда.

Орус жергесинде киши колдуу болуп набыт болгон кыргыз атуулдары жөнүндө суук кабар соңку учурларда Кыргызстанга көп келчү болду. Мындай азалуу кабарларды Россиядагы жана Казакстандагы кыргыздардардын «Замандаш» ассоциациясынын Бишкектеги штаб-квартирасына биринчи болуп жетет.

Бул бирикменин өкүлдөрү шаарында киши колдуу болуп ажал тапкан дагы бир кыргыз атуулу жөнүндө сүйлөшүп турушканда үстүнөн чыктым. Россиянын Самара шаарында кыргыз диаспорасын уюштурган Табылды аттуу жигитти өлтүрүп кетишкенин «Замандаш» бирикмесинин президентинин орун басары Жума Абдуллаев айтып отурду:

-Киши колдуу болуп өлүптүр. Машинасы менен кошо өрттөп токойго алып барып салышкан экен, ошол жактан таап келишти.-

«Замандаш» бирикмесинин өкүлдөрүнүн эсинде калган фактылар боюнча өткөн жылы Россиядан жүздөй кыргыз атуулу кырсыктап же киши колдуу болуп көз жумган. Быйыл жыл башынан бери төрт адам такыр баштардын колунан ажал тапкан. 2002-жылдан бери Кыргызстанга бир эле Самара шаарынан 59 кыргыз атуулунун сөөгү келген. Кыргызстандагы байкоочулардын баамында, такыр баштардын башка улуттарды жэрип, өмүрүнө кол салууга чейин барып жаткан зөөкүрлүгү кайсы бир деңгээлде орус бийликтеринин тымызын саясаты болуп жатышы ыктымал.

-Скинхеддер, ачык айтыш керек, орустардын расмий болбосо дагы жарым расмий саясатынын натыйжасы. Скинхеддерди тымызын колдоого алган бүтүндөй аймактар бар. Караларга каршы маанай бул өлкөдө күч алып кетти, өзгөчө жаштар арасында,- деди Жума Абдуллаев.

Мындан бир аз убакыт мурда Санкт-Петербургда соода кылып жүргөн кыргыз келинин өлтүрүп кеткен такыр баштардын окуясын айыптап, Бишкекте топ атуулдар орус элчилигинин алдында каршылык акциясын өткөрүшкөн. Россияда такыр баштардын колунан запкы көрүп, арты ажал менен аяктаган окуялар, байкоочулардын баамында, Кыргызстандагы славян элдерине каршы маанайды дагы курчутушу да мүмкүн. Мындай окуяларга кыжырданган кызуу кандуу адамдар славян элдерине каршы мыйзамдан тыш аракеттерге да барышы да ыктымал, дейт Кыргызстандагы Украина диаспорасынын жетекчиси Владимир Нарозя.

- Албетте, мындай улуттук жек көрүү жолоюуна түшө тургандар бул жакта да чыгышы мүмкүн. Бул Кыргызстан, Россия сыяктуу көп улуттууу өлкөлөр үчүн абдан опурталдуу. Улуттук жек көрүү, кайраштырууну биз түп тамырынан бери жулуп салышыбыз керек,-деди Владимир Нарозя.

Расмий маалыматтарга караганда Россияда соода сатык менен күн көрүп жүргөн кыргыз атуулдары үч жүз миң ашуун, ал эми иш жүзүндө мындан кыйла эле көп болушу мүмкүн деп айтылып келатат. Расмий маалыматтар Россияга бакыт издеп кетип жаткандардын аягы суубастан кайра жылдан жылга көбөйүп жатканын көрсөтүүдө. Жумушсуздуктан, жакырчылыктан качкан кыргыз атуулдары бөтөн жерде өмүрүн тобокелге салып жүрүүдөн башка аргасы жок. Анткени, Кыргызстан бөтөн жактагы өз атуулдарынын коопсуздугун сактап бергенге азыр колу кыска дешет байкоочулар.

XS
SM
MD
LG