Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

Ооганстандын президенти Хамид Карзай бүгүн Делиге келди


Индиянын премьери Манмохан Сингх жана башка жетекчилер менен жолугушууларда регионалдык коопсуздук маселеси жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү сөз кылынат. Дели өкмөтү Пакистан Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн аймагында согушкерлерди каржылап жатат деп айыптоодо. Кабул бийлиги болсо Пакистан талип согушкерлерине Ооганстандагы кол салууларын ишке ашырууга жардамдашууда деп ырастап келатат. Исламабад өкмөтү болсо мындай сынды четке кагууда.
Карзай визити учурунда Хйдерабад шаарында болуп, элет жерлерин өнүктүрүү долбоору менен таанышып чыгат. Индия Ооганстандагы реконструкция иштерине активдүү катышып келатат.

XS
SM
MD
LG