Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Депутаттарды чакыртып алуунун жол-жобосу жеңилдетилет


БИШКЕК. Экс-президенттин баласы Айдар Акаевди депутаттык мандаттан ажыратыш үчүн мандатты чакыртып алуунун жол-жобосун жеңилдетүү керек. Мындай пикирин бүгүн «Азаттыкка” парламент депутаты Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Анын пикиринде, Айдар Акаев өз арызы менен мандатын тапшырып койгону оң болмок, антпегенден кийин сессияга келбей атканына таяп шайлоочулардын мандатын чакыртып алууга укугу бар. Депутат Кабай Карабеков болсо мандатты чакыртып алыш үчүн округда добуш берүү өткөртүүнүн кажети жок деп эсептейт. Кемин районунун 150гө чукул тургуну 6- апрелде президентке жана парламент төрагасына Айдар Акаевдин ыйгарым укуктарын алып салуу өтүнүчү менен кат жазышкан.

Таңкы кабарларды Чолпон Орозобекова даярдады.

XS
SM
MD
LG