№39 Куршаб шайлоо округунун маалыматы боюнча шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусунун активдүүлүгүнүн деңгээли кечки саат сегизге карата болгону 46 пайызды түздү. Мындай абалды №50Куршаб-1 участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдразак Байбединов төмөндөгүдөй түшүндүрдү:
- Биринчиден, азыр жаз мезгили болгондуктан эл айыл-чарба жумуштарына алаксып аткан болушу мүмкүн. Экинчиден, азыр көпчүлүк ишке жарамдуу жаштар үйлөрүндө жок, жумуш издеп Казакстанда, Орусияда, Бишкекте жүрүшөт.
Анткен менен шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзгөн жергиликтүү талдоочулардын көпчүлүгү аталган округ боюнча татыктуу талапкерлердин болбогондугун белгилөө менен шайлоочулар арасында добуш берүүдөн көңүл калуучулук сезими үстөмдүк кылып кеткендигин айтышты:
- Шайлоочулардын катышуусу абдан начар болду. Менин оюмча бул миграцияга байланыштуу, ошондой эле көп адамдар өзүнүн шайлоо укугун пайдаланган жок, саясаттан чарчады. Анткени мурунку шайлоолорго катышканда алар түшүнүштү жана алардын турмушунда эч кандай өзгөрүү болгон жок. Ошондуктан көпчүлүгү шайлоого катышкан жок деп ойлойм - дейт көз каранды эмес эксперт, жергиликтүү журналист Бурул Жороева.
№39 Куршаб шайлоо округунда добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча бир катар талаштуу маселелер бар экендиги айгине болду. Бирок Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Амат Маматоморов добуш берүүнүн жыйынтыктарына нааразы тараптардан азырынча арыздар ырасмий түрдө келип түшө электигин билдирди.