Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:22

ЕВРОПАЛЫК ИМАМДАРДЫН ЖЫЙЫНЫ АЯКТАДЫ


Төрөкул Дооров, Прага. Австриянын баш калаасы Венада европалык имамдардын үч күндүк конференциясы кечээ ишин аяктады. Соңку биргелешкен декларацияда Европадагы мусулмандар өз маданиятын сактап, ошол эле учурда европа коомуна интеграцияланышына чакырык айтылды. Жыйынды Австриядагы Мусулмандар коому, Австриянын Тышкы иштер министрлиги жана Вена шаары уюштурган.

Европадагы мусулмандар кантип өздөрүнүн маданий жана диний өзгөчөлүктөрүн сактап туруп, европа коомуна интергациялана алышат? Бул – Венада үч күн бою жүргөн конференцияда европалык имамдардын башын ооруткан негизги суроо болду.

Жыйынтыгында динаятчылар жамы олтуруп, биргелешкен декларация кабыл алышты. Австриядагы ислам жамаатынын өкүлү Карла Амина Багажати биздин радиого билдиргенине караганда, соңку документ негизги европалык коом менен бул континентте жашаган мусулмандардын ортосундагы байланыш күчү катары имамдарга өзгөчө милдет тапшырат.

- Бул соңку декларацияда Европадагы мусулмандардын бул коомго аралашып, интеграцияланышында аларды окутуп, баалуулуктарды жайылта ала турган имамдардын ролуна жогору маани берилет.

Үч күндүк талкуу учурунда кантип маданий ажырымдын ортосунда байланыш таап, жаштар арасында күчөй баштаган көралбастыкты жоюу жагы да талкууга коюлду. Катышуучуларды ойлонткон дагы бир маселе – ушу тапта Европадагы 33 млн.мусулмандын ичинде радикал кыймылдардын күчөй баштаганы болду.

Багажати: “Европада жашаган мусулман аялдардын укуктарына да өзгөчө көңүл бурулду”, - дейт. Иши кылып конференцияны уюштургандар европалык имамдардан Батыш маданиятына ыңгайлуу, бирок Арап жана Түштүк Азия тарабынан да жактырыла турган исламдын түрүн ойлоп табууну күтүштү.

Жалпысынан жыйынга 40 мамлекеттен келген 130 имам катышты. Алардан сырткары Евроомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу, Еврокомиссиянын Тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро Валднер жана Австриянын канцлери Вольганг Шюссель да жыйындагы жогорку даражалуу меймандардын катарында болушту.

XS
SM
MD
LG