Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

ИТАЛИЯДА АТАКТУУ МАФИОЗИ КАРМАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 11-апрелде Италиянын Сицилия аралында 73 жаштагы Бернардо Провенцано деген адам кармалып, камакка алынды. Полиция аны 43 жылдан бери издеп келген, 1993-жылдан тартып ал - дүйнөдөгү эң ири мафиялык уюмдардын бири - "Коза ностраны" башкарып келген.

Марио Пьюзонун атактуу романы боюнча атактуу режиссер Фрэнсис Форд Коппола тарткан атактуу кинодогу мафиози Сицилиядагы Корлеоне деген шаарда туулуп, жаш кезинде Америкага качып, кийин ал жакта мамлекеттин ичиндеги кылмыштуу мамлекет түзөт. 11-апрелде кармалган Бернардо Провенцано дал ошол Корлеоне шаарынын алдында табылды.

Полиция аны 43 жылдан бери издеп келген, бирок алардын колунда Провенцано 25 жашында түшкөн бир гана сүрөт бар болчу. Провенцано кармала электе эле мурда жасаган кылмыштары үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылууга кесилген.

Италия полициясы 1993-жылы "Коза ностранын" ал кездеги жетекчиси Салваторе "Тото" Риинаны кармаганда, анын ордун Провенцано баскан. 2003-жылы ал башка ат менен Францияга барып, Марсель шаарындагы госпиталда өзүнө операция жасаткан, бирок полиция аны билбей калган.

Провенцано Корлеоне шаарынан эки чакырым алыстыкта жайгашкан эски үйдө жашаганынан шектенген полиция шаардан ал үйгө чейин кеткен жол боюна бир нече жашыруун видеокамера койгон, 11-апрелде болсо шаарда турган анын аялы күйөсүнө бир баштыкка таза шейшеп салып жөнөтүп жиберген жана ал баштыкты алып кеткен жигит аны эски үйдүн алдына таштап койгон. Провенцано ал баштыкты алайын деп эшикти ачканда, полиция аны кармаган.

Италиянын ички иштер министри Жузеппе Писану ишке ашырылган операцияны жогору баалады: "Мафия өзүнүн жогорку жетекчисинен айрылды. Бул - мафиялык түзүлүшкө урулган катуу сокку, биз алардын башын алдык. Провенцанонун кармалышы - Италиянын гана эмес, эл аралык уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөштөгү эң жогорку жетишкендик", - деди министр.

Анткен менен мафия менен өмүр бою күрөшүп келген италиялык эксперт Пиетро Грассанын айтымында, бир адамдын кармалышы мафияны жок кыла албайт, анын ордуна жаңы адамдар келет. Эң негизгиси болсо, мафия менен бизнесмендер жана саясатчылар байланышып жатканында.

Сицилиянын борбору Палермо шаарынын мэри болуп эки жолу шайланган Леолука Орландо болсо "Азаттыктын " кабарчысы Жеффри Донован менен 12-апрелде маектешкенде, заман менен кошо мафия дагы өзгөрүп жатканын билдирди: "Мафия деген дайым акча чыккан жакта. Сицилиядагы акча айыл жергесинен чыкса, мафия дагы айыл жергесинде. Акча коомдук уюмдардан чыкса, мафия да ошол жерде. Акча тамеки же баңзи заттарынын контрабандасынан чыкса, анын айланасында да мафия бар. Азыркы бизнес - маалымат технологиясына, кубат өндүрүү жана курал сатуу тарамагына ооп баратат. Дүйнөдөгү кайсы болбосун ийгиликтүү бизнестин артында дайым мафиозилер бар", - дейт Орландо.

Анын айтымында, дүйнө глобалдашып бараткан сайын, мафия өз колуна банктарды да ала баштады, анткени дүйнөлүк акча азыр банктарда топтолгон. Ал эми Копполанын атактуу киносунан коомго зыян дагы тийди, анткени анда кылмышкер-мафиозилерди атактуу Марлон Брандо, Роберт де Ниро же Аль Пачино сыяктуу атактуу артисттер аткаргандыктан, мафиозилер кандайдыр бир ченемде оң каармандарга да айланып кеткен.

XS
SM
MD
LG