Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:52

ӨКМӨТ УЮШКАН КЫЛМЫШТУУЛУКТУН БАШЫН КЫЯ ЧАБУУГА БУЙРУК БЕРДИ


Аманбек Жапаров,Бишкек Кыргыз өкмөтү уюшкан кылмыштуулукка каршы чечкиндүү чабуулга өткөн жатат. 13-апрелде өткөн өкмөттүн кезексиз жыйынында кылмыштуу топтордун изин кууп, бөлүп-жарып таркатуу, алардын анабашын ылдам аныктап кармап келүү жөнүндө күч органдарына талап коюлду. Шектүү адамдарды, автоунааларды кармап текшерүү үчүн ыкчам аракеттеги милиция топтору түзүлмөй болду. Кылмыштуу дүйнө менен алакалаш болгон тартип коргоо кызматкерлери жөнүндө маалыматтарды дыкат текшерүү, зөөкүрлөрдөн токмок жеп, аларды кармап жоопко тартуудан баш тарткан милиция кызматкерлерин иштен алуу жөнүндө ички иштер министрине тапшырма берилди.

Бейшембиде өкмөт үйүндө кезексиз чакыртылган кеңешме жаш саясатчы Эдил Байсаловдун өмүрүнө кол салган окуяга байланыштуу өткөрүлдү. Премьер-министр Феликс Кулов уюшкан кылмыштуу топторго каршы аеосуз күрөшүүнү Ички иштер министрлигинен талап кылды.

Кыргызстан коомчулугуна криминалдык №1 душманды аныктап, мыйзамдын чегинде аны тез аранын ичинде жоюу керек.

Өкмөт башчы уюшкан кылмыштуу топтордун башчыларына жана алардын жан жөкөрлөрүнө карата козголгон кылмыш иштерди аягына чыгарууну, кылмышка шектүү адамдарды, автоунааларды кармап текшерүү үчүн убактылуу мобилдик топторду тез аранын ичинде түзүүнү тиешелүү министрликтен талап кылды. Жыйында кылмыштуу топтор айрым тартип коргоо кызматкерлерин тепкиге алгандыгы маалым болду. Ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Субаналиевдин айтымында, Ысыккөл облусунда милициянын айрым жетекчилери “Авторитет” делген Рысбек Акматбаевдин тобундагы балдардан токмок жеген. Бирок, алар өз өмүрүнөн жана үйбүлөлөрүнүн
коопсуздугунан коркушуп, укук коргоо органдарына арыз жазып кайрылган эмес. Премьер-министр мындай фактыларга катуу ачууланып, андай кызматкерлерди кызматтан токтоосуз кетирүүнү талап кылды.

Вице-премьер-министр Адахан Мадумаров болсо кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн Ички иштер министрлигине кандайдыр бир мөөнөткө өзгөчө укук берүү жагын суранып, президентке, Жогорку Кеңешке кайрылуу керек деп сунуштады.

“Интербилим” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаеванын пикиринде кыргыз бийлиги кылмыштуулук менен кантип күрөшүүнүн жолдорун издебей, ага алып келип жаткан себептерди жок кылыш керек. Анткени, балээнин баары күч органдарындагы айрым жетекчилик кызматтарды жогорку бийликтегилердин колдоосу менен орношкон адамдар ээлегендиктен чыгып жатат. Тартип коргоо кызматкерлери кармаган кылмышкерлер сот тарабынан бошотулган фактылар көп, күч органдарындагы кээ бир жетекчилер кылмыштуу топтор менен тымызын алака түзүп алышкан.

XS
SM
MD
LG