Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

420 миң доллардын доосу боюнча сот бүтүмү чыга элек


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту Баткен окуясынын учурунда мамлекетке тиешелүү 420 миң долларды уурдоого катышкан деген иш боюнча эч кандай чечим чыгарган жок. Кечээ прокуратура мурдагы каржы министри Султан Медеровго, улуттук банктын мурдагы төрагасы Улан Сарбановго, эсеп палатасынын мурдагы башчысы Медет Садыркуловго он эки жылдан, башкы казыналыктын мурдагы директору Анарбек Сатыбалдиевге үч жыл, анын орун басары Динара Шайдиевага эки жыл жаза берүүнү райондук соттон сураган эле. Бүгүн адвокаттарга сөз берилип, алар кылмыш иши негисиз, бурмаланган фактылардын негизинде козголгон деп айтышты. Сот ишти кароону дүйшөмбүдө улантат.

XS
SM
MD
LG