Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:24

29-апрелде Бишкекте коррупция жана кылмыштуулукка каршы саясий акция өтөт


БИШКЕК. 17-апрелде Демократиялык күчтөр Коалициясына кирген саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардын жыйыны өтөт. Анда Социал-демократиялык, «Ар-намыс», Демократиялык күчтөрдүн биримдиги сыяктуу айрым партиялар жана «Интербилим», «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалиция өңдүү бейөкмөт уюмдар 29-апрелде Бишкекте саясий акция өткөрүү маселесин талкуулашат. Маалыматтарга караганда, бул акцияга даярдык көрүү максатында атайын штаб түзүлөт. Акциянын катышуучулары бийлик органдарына конституциялык реформа жүргүзүү, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү жана кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн бийлик органдарына кирүү аракеттерине бөгөт койуу тууралуу талаптарды жар салышмакчы.

XS
SM
MD
LG