Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги багыттарын чагылдырган жаңы концепциянын долбоорун иштеп чыгууга тажрыйбалуу дипломаттар, окумуштуу-илимпоздор, депутаттар, эксперттер, саясатчылар, ишкерлер, ал түгүл аймактардан да өкүлдөр катышты. ТИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, улуттук коопсуздукту бекемдөө, экономиканы көтөрүү, Кыргызстандын эларалык бедел-баркын жогорулатуу - жаңы концепциянын артыкчылык берилген багыттары болуп саналат.