Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

Ө.ТЕКЕБАЕВ БАШЫНДА ТУРГАН ДЕМОКРАТИЯЛЫК КҮЧТӨРДҮН ШТАБЫ ТҮЗҮЛДҮ


Азиза Турдуева, Бишкек 29-апрелде Бишкекте өтө турган саясий акцияга даярдык көрүү максатында ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев башында турган штаб түзүлдү. Мындай чечим 17-апрелде Демократиялык күчтөрдүн биримдигинин жыйынында кабыл алынды. Нааразылык акциянын башкы талаптары конституциялык реформаны тездетүү, кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрүн бийликке аралаштырбоо, күч жана сот органдарынын ишин жакшыртуу болмокчу.

17-апрелде өткөн жыйында штаб жетекчисинин орун басарлары болуп Жогорку Кеңештин депутаттары Кубатбек Байболов, Темир Сариев, Мелис Эшимканов, ошондой эле «Интербилим» коомдук уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева жана Ош облусунун экс-губернатору Анвар Артыков шайланышты.

Демократиялык күчтөр коалициясынын төрагасы Кубатбек Байболов 29-апрелде өтө турган нааразылык акциясында коюла турган талаптарга мындайча токтолду:

Башкы талаптар – конституциялык реформа тездетилсин, сот-укуктук реформа жүргузүлсүн, коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүлсүн, өлкөдө мыйзамдуулук сакталсын. Биз 24-мартта коюлган талаптардын аткарылышын талап кылып жатабыз .

29-апрелдеги акцияда Кыргыз мамлекеттик телерадиокампаниясын реформалоо, кадр саясатын жакшыртуу, сот реформасын ишке ашыруу сыяктуу да талаптар коюлат. Штап жетекчисинин орун басары, депутат Темир Сариевдин айтымында, 29-апрелде Президент Курманбек Бакиевдин отставкасы талап кылынбайт, бирок мамлекет башчысынан саясий-экономикалык чечкиндүү кадамдарды жасоо талап кылынмакчы:

Эгерде бул талаптар аткарылбаса, анда биз башка талаптарды, анын ичинде президенттин отставкасын да койо баштайбыз .

Ал эми күтүлүп жаткан саясий акция тууралуу бийлик өкүлдөрү эмне дейт. Биз Президенттин алдындагы Адам укуктары боюнча комиссиясыны төрагасы Турсунбек Акунга кайрылдык:

Албетте, бийлик тарабынан көп кемчилдиктер кетирилип жатат. Бирок, бир жылда эле чоң өзгөрүүлөрдү талап кылуу да туура эмес. Убакыт берилиши керек. Аскар Акаев жаңыдан президент болуп иштегенде, алгачкы беш жыл ичи аны эч ким отставкага кет деп айткан эмес. Анан деги эле эч нерсе жасалбай жатат деп айтуу да негизсиз. Мисалы, конституциялык реформаны жүргүзүү боюнча аракеттер жасалып жатат, коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бир топ иштер жүргүзүлүүдө. Ал эми КТРге байланыштуу менин пикирим – ал мамлекеттик телеканал болуп кала бериши керек. Анткени, бизде коомдук телеканалдар көп. Мисалга алсак, «НТС», «КООРТ», «Пирамида» жана башкалар. «ОШ-3000» телеканалын «ЭлТР» деп өзгөртүп, коомдук кылуу аракети көрүлүп жатат. Анан баары эле мамлекетти, өкмөттү сындай берген бойбойт да. Мамлекеттин, улуттун, өкмөттүн кызыкчылыгын да коргоо керек да .

Кыргызстан Демократиялык кыймылы партиясынын жетекчиси Жыпар Жекшеев атуулдук коомдун өкүлдөрүнүн бийликке коюп жаткан талаптары негиздүү жана ага бийлик тушүнүү менен мамиле жасап, туура баалап, жыйынтык чыгарышы керек деген пикирде.

XS
SM
MD
LG