Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

КЫТАЙ ТӨРАГАСЫ ХУ ЦЗИНТАО АКШга САПАР МЕНЕН КЕЛДИ


Нарын АЙЫП, Прага 18-апрелде АКШга расмий сапар менен Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао келди жана 20-апрелде анын АКШ президенти Жорж Буш менен бийик жолугушуусу башталат. Жыйын учурунда талкуулана турган маселелер көп. Эң негизгиси - Америка тарап бир маселелерди негизги деп эсептесе, Кытай такыр башка маселелерди эң орчундуу деп эсептейт.

Көпчүлүк эксперттердин пикиринде, Кытай үчүн Тайван маселеси биринчи маанидеги нерсе. Вашингтон менен Тайван ортосундагы мамилелер өтө жакын, Бээжин болсо Тайванды Кытайдын ажырагыс бөлүгү катары эсептейт жана эгер Тайван баш ийбесе, ага каршы күч да колдонулушу мүмкүн деп көп жолу эскерткен. Тайвандын көз карандысыздыгы кандайдыр бир ченемде Вашингтондун колдоосу менен гана кармалып турат десе болот.

Бийик жолугушуу учурунда Тайван маселеси көтөрүлөөрү тууралуу сапар алдында Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Цин Гаң дагы айтты: "Кытай-Америка байланыштарында Тайван маселеси эң маанилүү жана эң сезимтал нерсе. АКШ менен Кытай ортосундагы мамилелер жөнүндө сөз кылганда, бул маселе эч кандай шартта сүйлөшүүнүн сыртында кала албайт", - деди Цин 18-апрелде.

Америкалыктар үчүн болсо экономикалык маселе эң маанилүү. Кытай өзүнүн улуттук акчасы юандын наркын жасалма түрдө өтө төмөн кармагандыктан, Кытайда өтө арзан баага сатылып алынып, бүт дүйнөгө жана анын ичинде АКШга да кытай буюмдары тарап жатат жана анын кесепетинен АКШ менен Кытай ортосундагы соодада азыр Америка үчүн 200 миллиард долларга тете тартыштык пайда болгон.

Батыш мамлекеттеринин басымы алдында былтыр Бээжин юандын наркын үч пайызга жогорулатты, бирок АКШ эксперттеринин айтымында, чыныгы наркынан юан азыр кеминде 40 пайызга төмөн жасалма түрдө кармалууда.

Сапар учурунда көтөрүлөт деп Ирандын өзөктүк программаларынан чыккан маселе, террорчулук, батыш буюмдары Кытайда уруксатсыз өндүрүлүп жатканы, Тибет маселеси күтүлүүдө. Андан тышкары, албетте, адам укуктары тууралуу сөз болот.

АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Роберт Зөлликтин айтымында, адам укуктары өтө маанилүү: "Бийик жолугушуу жана деги эле биздин мамилелер жалаң эле экономика менен чектелбейт. Өзгөчө адам укуктары жана Кытай системасынын маңызы өтө маанилүү. Ху мырза менен президент Буш өткөн жылы жолукканда дагы ал тууралуу сөз болгон жана америкалык президент диний эркиндиктерге өзгөчө көңүл бурган", - дейт Зөллик.

Аны менен катар сапар учурунда кытай жана америкалык компаниялар ортосунда көптөгөн контракт түзүлөт деп күтүлүүдө, алардын жалпы баасы 16 миллиард долларга жетет. Мисал үчүн Кытай Америкадан 80 даана "Боинг" учагын сатып алат.

XS
SM
MD
LG