Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:45

ПРЕЗИДЕНТ ЛУКАШЕНКО ОППОЗИЦИЯНЫ КУУГУНТУККА АЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага 19-мартта Беларуста президенттик шайлоо өткөрүлдү жана расми маалыматтар боюнча, азыркы Александр Лукашенко дагы бир мөөнөткө президент болуп шайланды. Андан бери Лукашенко оппозиция менен көз карандысыз маалымат каражаттарына каршы катуу чараларды көрүүнү улантууда.

Александр Лукашенко 8-апрелде ант берип, президенттик кызматка киришти, 13-апрелде ал премьер-министрди дайындады. Шайлоо жыйынтыктарына каршы оппозиция митинг-демонстрацияларды уюштурган, алар күч менен таркатылды, оппозициялык саясатчылар куугунтукка алынууда, митингдерге катышкан жүздөгөн адам кармалып, хулигандык кылган деп соттолду. Шайлоо жөнүндө чындык жазган көз карандысыз маалымат каражаттары дагы куугунтукталууда.

Мисалга "Наша нива" деген гезитти келтирсе болот. Президент Лукашенко Беларуста советтик тартиптерди кайрадан киргизип, советтик мезгилдеги Беларустун герби менен туусун кайра кабыл алдырып жана мектептерде советтик тарыхты кайрадан окутканы белгилүү. Ошондуктан Беларус гезиттеринин көпчүлүгү өлкөдө негизинен орус тилинде чыгат, эл дагы, өзгөчө жетекчилик негизинен орусча сүйлөйт.

"Наша нива" деген гезит болсо беларус тилинде чыкканы менен эле улуттук байлык катары саналат. Гезит 1906-жылы Вильнюс шаарында негизделген жана 1915-жылга чейин Вильнюста чыгып келген. Бийликке большевиктер келгенден кийин токтоп калган жана кайрадан 1991-жылы гана кайрадан Вильнюс шаарында басылып чыга баштаган, 1996-жылы анын редакциясы Минск шаарына которулган. Быйыл ноябрда гезиттин жүз жылдыгы белгиленүүгө тийиш.

19-марттагы президенттик шайлоодон кийин анын редактору жана кызматкерлери оппозициялык митинг-демонстрацияларга катышкан жана редактор Андрей Дынько кармалып, 10 күн эркинен ажыратылууга кесилген, 18-апрелде болсо Минск шаарынын жетекчилиги гезиттин редакциясына - ал мындан ары Минскиде жайгашпаш керек экени тууралуу билдирүү жиберди.

Париж шаарында жайгашкан "Чек арасыз репортерлор" деп аталган уюм бул чечимди сындап чыкты: "Абал азыр өтө начар, шайлоо алдында дагы, добуш берүүнүн учурунда дагы өтө начар болгон. Президент Александр Лукашенко эч кандай сынды көтөрө албайт жана өзүнүкүнөн айырмаланган пикирди эч жактырбайт жана мындай абал шайлоо учурунда гана эмес. Менин оюмча, өз өлкөсүндө ал бир да гезитте бир да сын болушун каалабайт", - дейт "Чек арасыз репортерлор" деген уюмдун өкүлү Жан-Франсуа Жуляр.

Гезиттин редакциясы болсо кошуна Литванын маданият министрлигине кайрылып, гезитти ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүү жөнүндө арыз беришин суранды. Гезит Вильнюс шаарында негизделип жана мурдагы СССРдеги эң эски гезиттердин бири болгондуктан, андай чечим кабыл алынышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG