Өзгөн районунун акими Абдраимовду жана Каракулжанын акими Асрановду кызматтан алуу тууралуу президент Бакиевдин жарлыгына аталган райондордун көпчүлүк тургундары каршы чыгышып, нааразылык акциясын уюштурушкан. Бул жолу кырдаалды жөнгө салуу максатында президенттик администрациянын башчысы Үсөн Сыдыков келип, президенттин жарлыгы менен бошотулган жана дайындалган акимдердин талапкерликтерин жумшак рейтинг системасы аркылуу жергиликтүү Кеңештердин депутаттардын кароосуна койду:
- Жеңил рейтинг бар, үчөө, төртөө болобу коюп, президент сунуш кылса, ошондон кимиси алдыга чыкса ошону экинчи жолу кайра бюллетенге жазып, добуш алып, андан кийин макулдук берилди деген чечим кылыш керек.
Башында Өзгөн районунун акимдигине президенттин жарлыгы менен дайындалган Ажыбек Касымалиев жарлыктын аткарылбай калып, жеңил рейтингдин киргизилишин мындайча айыптап өттү:
- Мен юристмин, Кыргыз Улуттук университетинин юридикалык факультетин бүткөм. Бул жерде рейтинг деген жок. Үсөнбай Абдраимовдун колунда кагаз жок. Ачык-айкын кагаз болсо, менде указ бар деп, азыр колго салганга да болбойт – деди Өзгөн районунун акимдигине дайындалып, бирок элден колдоо таппай калган талапкер Ажыбек Касымалиев.
Добуш берүнүн жүрүшүндө Касымалиев 30 гана добуш алып, анын атаандашы мурдагы ыңкылапчыл аким Үсөнбай Абдыраимовдун аким болушуна 163 райондук Кеңештин депутаты добуш берди.
Ал эми Каракулжанын акимдигине дайындалган Абдымалик Эгембердиев кырдаалдын курчуп тургандыгын эске алуу менен анын талапкерлиги президент тарабынан жаңылыштык менен тандалып калгандыгын айтып, талапкердигин алып салды:
- Жаңы иштеп аткан Жаныбай Асрановго ийгиликтерди калайм. Каракулжа башка райондон айырмаланып табияты татаал, жер шарты оор, проблема абдан көп, ушул маселелерде сиздер баарыңыздар жардам берсеңиздер жаңы акимге – дейт Абдымалик Эгембердиев.
Каракулжа райондук Кеңешинин депутаттары мурдагы аким Жаныбай Асрановдун талапкерлигине макулдук берүү үчүн көпчүлүк добушун беришип, жеңүүчү деп табылды.