Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:51

Жалалабат милициясына кол салгандар эл тагдырына күйүп, революция жасамакчы болушкан


БИШКЕК. 2003-жылы 15-майда Жалалабат шаардык жана облустук ички иштер башкармалыктарына кол салгандар өздөрүн саясий туткун деп эсептешет жана азыркы бийликтен актоону талап кылышууда. Бул тууралуу алар президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдогону 23-апрелде белгилүү болду. Алар Аскар Акаевдин тушундагы коррупцияга, жакырчылыкка жана башаламандыкка кыжырданып, куралдуу күч менен революция жасамакчы болушканын жазышат.
"Эркиндик" партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев аларды саясий туткун эмес, кылмышкерлер деп эсептейт. Юстиция министри Марат Кайыпов "Азаттыкка" бул адамдар кылмыш жасаган, бирок мурдагы бийлик бул кылмышка саясий түс берүү менен өтө чоң мөөнөткө кесип жиберген деп билдирди. 2003-жылы 21-августта конституциялык түзүлүштү бузуу аракетин жасаган деген айып менен сегиз адам Жалалабат шаардык соту тарабынан 17 жылдан 25 жылга чейин кесилишкен.

XS
SM
MD
LG