Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

КАРАЖАТТЫН ЖЕТИШСИЗДИГИ ӨКМӨТТҮН КОЛУ-ЖОЛУН БАЙЛООДО


Дүйшөмбүдө парламент өкмөттүн отчетун угууга киришти. Аткаруу бийлиги өткөн жылы ички дүң продукттун өсүшү болбогону менен, Кыргызстандын экономикасы биртоло кургуйга кулап түшпөгөнүн дурус жышаан катары мүнөздөөдө.

Акыйкатта да, жалаң саясий толкундоолордун кучагынан чыга албаган Кыргызстандын ички дүң продуктусунун өсүү темпи мурдагы жылга салыштырганда 0,6% гана төмөндөп, айрым көрсөткүчтөр боюнча азыноолок жылыштардын байкалганын парламент алдындагы отчетунда өкмөт башчы Феликс Кулов баяндап берди.

- Өткөн жылдын негизги оң натыйжасы кескин экономикалык төмөндөөгө жол бербей, макроэкономикалык туруктуулукту сактап калуу болду. Ал эми мындай коркунуч чынында болгон. Жалпысынан 2005-жылда ички дүң продукт көлөмү реалдуу түрдө 0,6% гана төмөндөдү.

Экономикалык көрсөткүчтөрдүн кыйласынын белгиленген чекке чыга албай калышынын бир себеби “Кумтөр” алтын кенинин начар иштегени, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 12% төмөн түшкөнү, айыл чарбасынын чеке жылытпаган жыйынтык менен жыл аягына чыгышы себеп болгон.

Ал аз келгенсип, өткөн жылы энергетикадагы техникалык, коммерциялык жоготуулар 39% чыкты. Кыргызстан өндүргөн электр энергиясынын тең жарымына жакыны уурдалып, таланып-тонолуп жок болууда. Ошол себептүү өкмөт ушу тапта тармактын бөлүштүрүү компанияларын жеке колго өткөрүп, кыйла жылдардан бери кризистен башы чыкпаган сектордун абалын жакшыртуунун аргасына өтүүдө.

Жубанткан бир нерсе, өткөн жылы тигүүчүлөр журту дурус дегидей көрсөткүчкө жетишти. Мурда көмүскө иштеп келаткандарынын кыйласынын ачыкка чыгышынан андагы өсүш 13% чыкканын Ф.Кулов канааттануу менен белгиледи.

Кыргызстандын өкмөтүнүн баш оорусуна айланып аткан дагы бир проблема тышкы карыздар болууда. Бечел калган өлкөлөргө ыроолонгон ХИПК программасынын шарттарын байкаштырып көргөн соң гана өкмөт ага кирүү-кирбөө маселесин кеңешип чечерин Ф.Кулов депутаттар алдында жарыя кылды.

- Быйылкы жылдын башында мамлкеттин карыздары 85 миллиард сомду түздү. Бул АКШ долларына которгондо 2 миллиард долларды түзөт. Анын тышкы карызы 1,8 миллиард АКШ долларын, ички карыз 174 миллион АКШ доллар акчасынa чыкты. Өткөн жылы өкмөт карыз жүгүн жеңилдетүү, аны төлөөнү кийинкиге жылдыруу аракетин көрдү.

Экинчи ирет карызды төлөөнү кийинкиге жылдыруу өтүнүчү менен кайрылбашын эскертип, Париж клубу өткөн Кыргызстандын беш өлкө менен карызын төлөөнү кийинкиге жылдырып, айрым жеңилдик шарттарын түзүп берген.

Парламент депутаты Жусуп Иманалиев эларалык каржы уюмдарынын өктөм талабынан улам кыргыз өкмөтү ачык чече албай келаткан пенсия жашын төмөндөтүү маселеси кандай чечилип жатканын сурады. Вице-премьер-министр Адахан Мадумаров парламенттик каникулга чейин бул маселенин башы ачылып кала турганын маалымдады. Эртең өкмөттүн отчету талкууланат.

XS
SM
MD
LG