Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:35

РЕВОЛЮЦИЯЛЫК КЕҢЕШ МИТИНГГЕ КАРШЫ


Аманбек Жапаров,Бишкек Кыргызстан демократиялык күчтөр биримдигинин жана бир катар жарандык коомдордун өкүлдөрүнүн аракеттери элдик ыңкылапка каршы чыккандык. Бул тууралуу Революциялык кеңештин төрагасы Эсен Сагынбаев 24-апрелде “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Ушул эле күнү “Реформа үчүн” кыймылдын штабында Алмаз Атамбаев да маалымат жыйынын өткөрүп, 29-апрелде өтө турган митингге каршы кыргыз бийлиги ар кандай ыпылас технологияларды колдонууда, деп жооп кайтарды.

Төрагасы Эсен Сагынбаев болгон Революциялык кеңеш президентке, премьер-министрге, Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жолдошту. Анда ар кандай жөө жүрүштөрдү, митинг, пикеттерди, элге каршы аракеттерди токтотууну талап кылышкан. Ошондой эле кайрылууда «Эгерде кырдаал талап кылса ыңкылаптын миңдеген патриоттору жыйналып, 24-мартта ак шапкечендерден революционерлердин каны төгүлгөн аянтта өлкөдөгү кырдаалды курчуткан адамдарды революциялык жол менен жазалай тургандыктары» айтылган.

Кыргызстандагы демократиялык күчтөр биримдиги жакында 29-апрелде өтүүчү митингди уюштуруу штабын жана «Реформа үчүн» кыймылды түзүштү. Анын төрагалыгына Өмүрбек Текебаев, теңтөрагасы болуп Алмаз Атамбаев шайланды.

Алмаз Атамбаев 29-апрелде өтүүчү митингге каршы бийлик тарабынан коомчулукту иренжите турган ар кандай ушак сөздөр таратылып жатканын белгиледи.

- Атамбаев Москвадан курал-жарак сатып келиптир деген ушак сөз тараптыр. Мен айтат элем тилекке каршы, Курманбек Бакиевдин тегерегиндеги адамдар ушак тараткандан башка иштерге жарабайт.

Алмаз Атамбаев 29-апрелдеги тынч митингде жаңы бийликтен реформаны тездетүүнү, уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылышарын айтты. Анын божомолунда, «эгерде бийлик элдин үнүн укпаса анда мурдагы бийликтей болуп кетиши мүмкүн».

Вице-премьер-министр Адахан Мадумаров «Реформа үчүн» кыймылы тарабынан талап кылынган маселелердин дээрлик көпчүлүгүнө каршылыгы жок экендигин «Азаттыкка» 24-апрелде билдирди.

- Алардын койгон талаптарынын дээрлик көпчүлүгүнө президенттин дагы, өкмөттүн дагы эч кандай каршылыгы жок. Биз деле мамлекетте темирдей тартип, мыйзамдуулук орносо экен деген талапты коюп атабыз. Кечээ жакында эле алардын өкүлдөрү менен жолугушкандан кийинки маектен кийинки сөздөрүбүздү тактап алдык. Бул жагынан президент менен өкмөттүн ушул талаптарды коюп аткандар менен айырмачылыгы жокко эсе.

Адахан Мадумаров митинг тынчтык жолу менен жарандык коомдордун талабы менен чыгып аткандан кийин ага туура көз караш менен карап, эч кандай чочулоо болбошу керектигине токтолду.

«Реформа үчүн» кыймылынын тең төрагасы, экс-спикер Өмүрбек Текебаев жекшембиде – 23-апрелде өкмөт башчы Кулов, вице-премьер-министр Мадумаров менен ушул маселе боюнча жолугушканын мындайча сыпаттады:

- Премьер-министр менен вице-премьер-министр жана «Реформа үчүн» митингди уюштуруу комитетинин атынан мен, Темир Сариев, Кубат Байболов катышкан жолугушуу болду. Жолугушууда биз расмий түрдө митингдин талаптарын колдон колго бердик. Ал талаптардын аткарылышы боюнча президент Россиядагы иш сапарынан келгенден кийин сөздөр уланышы мүмкүн. Азыр биздин теңтөрага айткандай, 29-апрелге чейин убакыт бар. Андан кийин өлкөдөгү саясий кырдаал башка этапка өтүп кетиши мүмкүн. Ошого чейин азыркы бийлик карапайым калктын талаптарын, өздөрү элге берген убадаларын аткарат деген ойдобуз.

Парламент депутаты Болот Шерниязов 29-апрелде өтүүчү тынч митингдин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн күч структураларына кайрылышканын, митингдин катышуучуларына чагым салуу аракети болушу мүмкүн деген кооптонуусун жашырган жок. Ал ошондой эле Бишкектеги митингге Таластан да өкүлдөр келе тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG