Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

БҮГҮН ЧЕРНОБЫЛЬ КЫЙРАКАНЫНА 20 ЖЫЛ ТОЛДУ


1996-жылы 26-апрелде Чернобыль атомдук электр станциясындагы жарылуу Украинанын, Беларустун, Орусиянын, жалпысы, 145 миң чарчы чакырым аймагын нур-залалына кабылдырган. 5 миллиондон ашык адам жабыркаган. Чернобыль нур-залалы ошондой эле Швеция, Норвегия, Польша, Англия жана башка өлкөлөрдүн аймактарында да сезилген. Чернобыль атомдук электр станциясынын 26-апрелдеги жарылуусу туурасындагы маалымат, СССР жетекчилеринин көрсөтмөсү боюнча, бир жумага жакын жашырылып-жарыяланбай турган жана ошон үчүн да зыян-кесепет күчөп кеткен.

20-кылымдын эң чоң техногендик кыйраканы болуп саналган Чернобыль атомдук электр станциясындагы жарылуунун кесепеттерин жоюу ишине Союздук республикалардын бири катары Кыргызстан да астейдил катышкан. Соңку эсептер боюнча, 3734 кыргызстандык Чернобылга жөнөтүлгөндүгү тастыкталган. Ошол 3734 адам дээрлик жаштар болгонуна карабастан, нур-залал кесепетинен бүгүнкү күнгө чейин алардын жарымы жарык дүйнө менен коштошуптур. Азыр “Чернобыль бирлиги” коомдук бирикмесинин каттоосунда 1858 гана адам турат. Алардын 80 пайызынын майыптык документтери бар.

Чернобыль кыйраканынын кесепеттерин жоюу иштерине айрыкча Орто Азия, Казакстан республикаларынын жарандары атайылап арбын тартылгандыгын айыптап да, сыймыктанып да айтып келишет. Бул багыттагы өз оюн черноблчы Немат Даминов мындайча ортого салды:

-Күн нуруна ушул калктар мыкты туруштук берет, демек, радияцияга да чыдамкай деген ой менен Борбордук Азия, Казакстан республикаларынан көбүрөөк алышкан. Каалоо боюнча эмес, аскер комиссарияты тарабынан аскер адамы катары буйруп, күчтөп алып кетишкен. Туш келген жерден же өз үйүнөн кармап алып кетишкен учурлар көп болгон.

Чернобыль атомдук электр станциясындагы кыйроонун 20 жылдыгын Кыргызстанда да татыктуу белгилөө үчүн “Чернобыль бирлиги” коомдук бирикмеси rыргыз өкмөтүнөн 10 млн. сом сураган эле. Бул сураныч 7,8 млн. сом өлчөмүндө канааттандырылууда.

Кыргыз өкмөтү бөлгөн акчанын эсебинен бүгүнкү 20 жылдыктын урматы үчүн майыптарга жана радиация залалынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 4500 сомдон, 1986-1987-жылдары кыйроо чордонунда кызмат аткаргандарга 4000 сомдон, ал эми 1988-1989-жылдарда кызмат аткаргандарга 2500 сомдон бир жолку материалдык жардам берилет.

Бирок, мамлекет тарабынан көрүлгөн азыноолак камкордуктарга чернобылчылар канааттанбай турганын белгилеп келатышат.

XS
SM
MD
LG