Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

НАТОнун СОФИЯДАГЫ ЖЫЙЫНЫ


Болгарияда НАТО өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтүп жатат. Министрлер альянстын реформасы,бейпилдик операциялары, дүйнөнүн коогалаң аймактарындагы абалды жана башка маанилүү маселелерди талкуулап жатышат. Бүгүн НАТО-Россия кеңешинин да жыйыны болот.

Иран кризиси күн тартибиндеги темалар арасында жок эле, бирок МАГАТЭнин доклады Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде талкууланганы турган кезде министрлерге бул теманы кыйгап өтүү кыйын болду. Жыйынды ачар алдында НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер Тегерандын атомдук программасына,айрыкча уран байытуу технологиясына ээ болгонуна кооптонуу билдирди. Буга кошумчалап ал Европа менен АКШ азыр кырдаалды кыйчалыш оролдон ооздуктап калганы дипломатиялык аракеттерди көрүп жатканын белгиледи.

Күн тартибиндеги маселелерден биринчи болуп альянстын Ооганстандагы аскери контингентин көбөйтүү планы талкууланды. Баш катчы ырастагандай, азыркы туштагы 9 миңдей контингент жаңы толуктоо алат жана жалпы эсепте НАТОнун күчтөрү он беш миңге жеткирилет. Быйыл алар Ооганстандын көпчүлүк райондоруна жайгаштырылат. Альянс эл аралык коопсуздук жана бейпилдик иштеринде Австралия, Жаңы Зеландия, Япония жана Түштүк Корея өңдүү өлкөлөр менен стратегиялык кызматташтыгын өнүктүрөт.

Жыйындагы дагы бир маанилүү маселе иретинде альянска мүчө болуу жолунда турган Албания, Хорватия жана Македонияга байланыштуу маселелер, Украина менен активдеше баштаган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары, Грузиянын НАТОго кошулуу мүдөөсү талкууланат.

Эгер Украина менен Грузия альянска алынса, Россия өзүнүн куралдуу күчтөрүн жана аскери-өнөржай структурасын ири масштабда кайра курганга аргасыз болорун эскерткен эле. Бүгүн НАТО-Россия кеңешинин жыйынында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жолдору сөз болот.

Софияда АКШнын мамлекеттик катчысы Кондализа Райс Болгарияда америкалык үч аскер базасын жайгаштыруу тууралуу келишимге кол коет. Буга байланыштуу 5 миңдей киши АКШнын Софиядагы элчилиги алдында нааразылык жыйынын өткөрдү.

XS
SM
MD
LG