Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:35

КУБАТБЕК БАЙБОЛОВ : “ЭЛ МЕНЕН ПРЕЗИДЕНТТИН ОРТОСУНДАГЫ АЖЫРЫМ ЧОҢ ЭКЕНИ БИЛИНДИ”


Чолпон Орозобекова , Бишкек 29-апрелде Бишкекте борбордук аянтта өткөн митингге келип сүйлөгөн мамлекет башчы акциянын уюштуруучуларын сокур саясатчы деп сыпаттады. Президенттин мындай сөзү, Демократиялык күчтөр коалициясынын жетекчиси Кубатбек Байболовдун айтымында,бийлик менен элдин ортосундагы ажырымдын тереңдеп баратканынын далили.

- Кубатбек мырза, көптөн бери уу-дуу сөз болуп эле келаткан, коомчулуктун көңүлүн буруп аткан 29-апрель да келип, митинг бүттү. Бири айтып атып атат 20 миң киши катышты деп, бири 7 миң эле киши катышты деп атат. Сиздин эсебиңиз боюнча канча киши турду?

- Атүгүл МВДнын эсеби боюнча 25 миңдей адам катышты. Нөшөрлөгөн жамгырга карабай 25 миңдей адам назарын салып, жаандын астында шөмтүрөп туруп беришпедиби. Ошого карабастан президент чыгып алып туруп 4-5 сокур саясатчынын талабы деп ошол жерде абдан калпыс сөз айтпадыбы?

- Дегеле митинг өз максатына жеттиби сиздин пикириңизде?

- Менин оюмча митинг өз максатына жетти.
- Президеттин келишин күттүңөр беле, келет деп ишендиңер беле?

- Президенттин келер, келбеси мага баары бир болчу. Келип туруп айткан сөзүн укпадыңарбы өзүңөр. Төрт-беш сокур саясатчы дегенде эл уу-дуу болуп, укпай койбоду калган сөзүн.

- Негизи бүгүнкү сөзү менен президент Бакиев эмнени көрсөтө алды, эмнени далилдеди деп ойлойсуз?

- Бүгүнкү сөзү менен президент эч кандай коомдо болуп жаткан процесстен дээрлик кабары жок, элдин пикирин, элдин маанайын уруп да койбогонун көргөздү.

- Демек, кабыл алынган резолюциядагы талаптар эмне болот эми, бийлик аткарат деп ойлойсузбу?

- Жок. Менин оюмча эч кандай коомдо болуп жаткан акыбалдан кабар, наразы жок президент алгылыктуу чечимдерди чыгарат деп ойлобойм. Ошондуктан элдин талабы мындан ары да күчөй бериши мүмкүн.

- Айрым эксперттердин баамында ушул митинг презиндет Бакиевдин келиши жана сөзү оппозиция менен бийликтин ортосундагы ажырымды ого бетер күчөттү деп атышат. Сиздин пикириңиз кандай?

- Оппозиция эмес, эл менен президенттин ортосундагы ажырым өтө чоң экендиги көрүнбөдүбү. Ошол жерде 25 миңден көп адам чогулуп туруп, назарын салып сурап турса, төрт-беш гана сокур саясатчы дүрбөтүп атат деген сөзүн айткандан кийин эл катуу дүрбөгөндө качып жөнөбөдүбү.

- Кубатбек мырза, Аскар Акаев 15 жыл башкарып турганда деле сизди центристтик позициядагы саясатчы катары билчүбүз. Бүгүнкү күндө сиз өзүңүздү оппозицияда деп эсептейсизби?

- Күйгөн катын кошокчу болуп атпайбызбы, болбосо мени абдан салабаттуу жана салмактуу деп эсептеп келдиңер ушуга чейин. Бирок азыр бүткүл кыргыз элинин мойнуна көз көрүнө бандиттерди мингизип атканына кантип макул боло алабыз. Бул элдин башынан ылдый жугунду куйган менен барабар болуп атпайбы. Баары бир тең, ошонусу бир тең болуп атпайбы.

- Митингде айрым саясатчылар өтө катуу сөздөрдү айтып атышты, Акаевди кетиргендей эле кетирип коебуз дегендей?

- Бүгүн Бакиев кетсин деген бир да лозунг жок, бирөөбүз да айткан жокпуз кетсин деп. Бирок жок дегенде кыймыл-аракет жасабайбы. Тигини деле билбейм, муну деле билбейм, тигиге деле кийлигишпейм, анда эмнеге ишенет.

- Эмки кадамдарыңыз кандай болот, кетип атып 27-майда дагы чогулабыз дегендей кылдыңар?

- 27-майда Кудай буюрса мындан да чоң митинг болот, талаптар мындан да каталыраак болот. Элдин назарын өзүңөр байкадыңар. Элдин нааразычылыгы өтө зор. Андыктан ошол митингге даярдык көрөбүз.

- Эгерде Курманбек Бакиев башында турган бийлик митингдерге таптакыр эле көңүл бурбай, бирок ошол эле учурда өткөрө бергиле деп силерге да шарт түзүп берип коюп эле, өз ишин кыла берсе кандай болот?

- Анда Акаевдин тагдыры күтүп турат. Себеби азыр дагы биз саясатчылар элдин атынан келип атабыз. Mуну биз саясатчылар жасаган жокпуз, эл жасап атат. Өткөндө да ошондой болгон. Элдик революция деп атпайбы, былтыр саясатчылар ар кайсы кaфелерде манты жеп отурганда эл бийликти алып койгон. Азыр да ошондой болушу мүмкүн. Биз жасабайбыз, эл жасайт. Себеби элдин турмушу оордогондон оордоп баратат. Эгерде ушуга көңүл бурганга акылдары жетпесе анда буларды Акаевдин тагдыры күтүп турат.

- Маегиңизге ыракмат.

XS
SM
MD
LG