Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:20

КЫРГЫЗСТАН АЛТЫНЫ: ЖЕРДЕ, КЫЯЛДА


“Кумтөр” алтын кен долбоорунан кыйла жалкып калган кыргыз өкмөтү ушу тапта “Жерүйдү” башка инвесторго берүүнү туура көрүүдө. Анткен менен жаңы инвестордун мүмкүнчүлүгүнө ишенбегендер деле арбын.

Тоокен өндүрүшүнө Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле тоодой үмүт артып келатат. Башкасын коюп жалаң “Кумтөрдүн” эсебинен республика жыргал турмушка жетери эчен ирет айтылган. Анын ордуна кез-кез “алтын чатактары” чыгып, экономикалык маселенин аягы саясий талашка айланып кеткени деле эч кимге жашыруун эмес.

Жакындан бери “Кумтөрдүн” жанынан чыккан 70 тоннага жетерлик жаңы кенди кантип иштетүү маселеси ачык айтыла баштады. Аны Кыргызстандын Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров да ырастады:

- Мурунку башкы келишимге биз кошумча киргизишибиз керек. Анткени алар дагы бир 70 тонналык биздин кен чыккан жерди кабыл алды. Алтындын баасы дүйнөдө эки эсе көтөрүлдү. Бирок “Кумтөрдүн” Кыргызстандын экономикасына салымы мурдагы эле деңгээлинде кала берүүдө. Биз мына ушуну өзгөртүп, салымын көбөйтсөкпү деген оюбуз бар.

“Кыргызалтын” акционердик коомунун президенти Алмазбек Жакыпов канадалык компания менен өкмөт келишим түзгөн чакта тажрыйбанын жоктугунан бир топ мүчүлүштүктөр кетти деген пикирде. Бирок, бул долбоордон Кыргызстан дегеле эч кандай пайда көрбөдү деп, арадан он беш жыл өткөндөн кийин айтыш да туура эмес.

- “Кумтөр” иштегенден бери 500 миллион долларга жакын акча салык түрүндө келип түштү. Бүгүн ал жерде 1700 кыргызстандык адам иштеп, жанын багып жатат. Ошонун баарын комплекстүү түрдө алып келип баа бериш керек го.

Өкмөттүн канадалык “Центерра Голд” компаниясындагы 11 миллион 290 миңге жакын акциясынын баасы ушу тапта 400 миллиондон ашык АКШ долларына чыкты. “Кумтөр” алтын кени жаңы табылган жерди 2013-жылга чейин иштетмекчи. А.Жакыповдун айтуусунда, ушу тапта дүйнөлүк базарда алтындын баасы өсүп жаткан чагы. Ошондуктан “Жерүй” алтын кенин ишке киргизүү өзгөчө мааниге ээ болууда.

Кыйла жылдардан бери кеп болуп, инвестор токтобой келаткан кенди өкмөт эми австриялык “Глобал Голд” компаниясына берүүгө ниеттенүүдө.

Быйыл 10-мартта өкмөт койгон шарттарга макул болуп казакстандык “Самер Голд” компаниясы “Талдыбулак солжээк” алтын кенин иштетүүгө киришкени жатат. Компания жаңы ишкананын эсебине 15 миллион доллар акча которуп, салыктардын бардык түрүн төлөөгө макул.

А.Жакыповдун айтуусунда, “Жерүй” менен “Талдыбулак” кендеринин жыл сайын орто эсеп менен 8 тонна алтын өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

- Болжолдоп айтканда, эки кенден 8 тонна алтын өндүрүлөт. “Макмал” 1 тонна берет. Башка ишканаларыбыз 500 кило, башкача айтканда 9,5 тонна, “Кумтөр” жыл сайын орточо 16 тоннадан 18 тоннага чейин өндүрсө, эсептеп көргүлө, 27 – 28 тонна алтын өндүрүү мүмкүнчүлүгүбүз бар,- дейт Алмазбек Жакыпов.

Тоокен өндүрүшү болжонгон чекке жетип, жылдык өндүрүшү 27 –28 тоннага чыгып калса андан бюджетке кыйла эле акча түшөрү анык. Ал акчанын канчасы реалдуу экономикагы жумшалат, канчасы социалдык маселелерди чечүүгө чегерилет, бул да өзүнчө суроо. Анын үстүнө өкмөттүн “Жерүйдү” башка инвесторго беришине ичи чыкпагандар деле толтура.

XS
SM
MD
LG