Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

ИСПАНЧА ЫРДАЛГАН ГИМН АМЕРИКАЛЫК ПАТРИОТИЗМГЕ ЖОЛТОО БОЛОБУ?


Эгер Кыргызстандын гимнин өзбекче ырдаса сиз кандай карайт элеңиз? Кошмо Штаттарында мамлекеттик ырдын мамлекеттик эмес тилде ырдалышы ар кыл талаш-тартышты жаратууда. Ал талаш эми Ак үйгө чейин келип жетти.

Кошмо Штаттарынын байрагын даңазалаган "Стар-Спрэнглд Баннэр" ушинтип испан тилинде ырдалды. Испанча "Нуэстро Химно", же "Биздин гимн" деген аталыштагы ыр англис тилин өздөштүрө элек атуулдарга америкалык баалуулуктарды түшүнүүгө көмөк болууга тийиш. Кеминде гимди испан тилине которгон британиялык продюссер Адам Кидрондун ою ушундай эле. Бирок ыр тез эле чырга айланды. Ал тургай имигранттардын укугун коргогондор буга каршы чыгышты.

Педро Биагги испан тилинде обого чыгуучу популярдуу радио бекеттин алып баруучусу. Ал бул гимн Кошмо Штаттарындагы испан тилинде сүйлөгөн көп сандаган атуулдарга терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп кооптонот. Ошол эле убакта ал ырды чыгаргандардын ою түз деп эсептейт. "Терең сезим, сый-урмат менен жасалган кадам,- деди ал. Бирок кыжыры кайнагандар аз эмес. Бир серепчи муну "мыйзамсыз, чет элдик гимн" деп атады. Ал эми Вашингтондо Иммиграцияны изилдөө Борборунун жетекчиси Марк Крикорян "Француздар Марсельезаны англисче ырдаганды франциялык патриотизм деп карайт беле? Албетте жок! деди. Талаш Ак үйгө чейин жетип, жума күнкү пресс-конференцияда маселеге президент Буш кийлигишти:

Улуттук гимн англис тилинде ырдалышы керек. Бул өлкөнүн атуулу болгусу келгендер англис тилин үйрөнүшү керек деп эсептейм. Алар улуттук гимнди англис тилинде ырдаганды үйрөнүшү керек.

Бул ыр Кошмо Штаттарындагы 11 миллион чакты иммигранттын айланасындагы талаш курчуп турган чакта жарык көрдү. Бул иммигранттардын көбү - испан тилинде сүйлөгөн мексикалыктар. Соңку жумаларда бүт өлкө боюнча мыйзамсыз иммигранттарды колдогон жүрүштөргө миллиондогон киши катышты. Ал эми бүгүн, 1-майда дагы жаңы жүрүштөр жана иш таштоолор болот деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG