Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

ЕВРОСОЮЗ СЕРБИЯ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДҮ ТОКТОТТУ


Евросоюзду кеңейтүү маселелерин тескеген еврокомиссар Олли Рен Сербия менен сүйлөшүүлөр токтотулгандыгын жарыялады. Гаагадагы эл аралык трибуналдын башкы прокурору Карла дел Понте менен масилеттешкен соң ушундай чечим кабыл алынды. Белград согуш кылмышкери генерал Радко Младичти 1-майга чейин кармап берүү тууралуу Евросоюздун талабын аткарган жок.

Эл аралык трибуналдын башкы прокурору Карла дел Понте серб өкмөтү өзгөчө өкүндүргөнүн белгиледи. “Марттын башында генерал Радко Младич бир нече күндүн же аптанын ичинде камалат деп айтышканда, мени тек гана алдашкан экен, буга айныбай көзүм жетти”, - деп айтты Гаагадагы трибуналдын башкы прокурору.

Сербиянын премьер-министри Воислав Коштуница генерал Младичти өз эрки менен колго түшүп бергенге чакырып, анын трибуналдан качып, из жашырып жүргөнү өлкөнүн кызыкчылыгына олуттуу зыян келтирип жатканын айткан эле. Премьердин бул сөздөрүн Карла дел Понте таптакыр жарабаган жорук катары баалады. Анткени Младичти камакка алганга даяр экенин Коштуница өзү айткан, деди прокурор. Эгер Сербия менен Черногория трибунал менен мындан ары да толук өлчөмдө кызматташпай турган болсо, эч кандай натыйжа күтүп болбойт. Бу жагдай тууралуу Понте эмдиги айда Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин атайын маалымдар кылмакчы.

Генерал Младич 1992-1996-жылдары босниялык сербдердин армиясына командачылык кылган. Эл аралык трибунал ага он беш пункттан турган айып таккан. Анын буйругу менен серб аскерлери Сребреницада мусулмандарды массалык түрдө кырышкан, Сараево шаарын камалоо учурунда он миңден ашуун киши апаат болгон. Младич босниялык сербдердин мурдагы президенти Радован Каражич менен бирге Гаагадагы трибунал издөө жарыялаган согуш кылмышкерлер тизмесинде сап башында турат.

Евросоюз 1-майга чейин генералды Гаагага кармап берүүнү Белграддан талап кылган. Бирок бул талап аткарылган жок. Европа комиссиясы ушул себептен улам “Стабилдештирүү жана жакындашуу жөнүндө келишим” алкагындагы сүйлөшүүлөрдү токтотконго аргасыз болду. “Сербия Гаагадагы трибунал алдында өз милдеттенмесин аткарар замат сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого даярбыз”,- деп айтты Евросоюзду кеңейтүү маселесин тескеген комиссар Олли Рен.

Евросоюздун бул чечимине удаалаш Сербиянын вице-премьери Миролюб Лабус кызматын тапшыра тургандыгын жарыялады. Евросоюзга мүчө болуу тууралуу сүйлөшүүлөр үчүн жоопкерчилик серб өкмөтүндө Лабуска жүктөлгөн эле.

XS
SM
MD
LG