БИШКЕК. Өлкө түштүгүндөгү дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, суу ташкын коркунучу туулууда. Мындай абал өзгөчө Карадарыя, Көкарт, Караүнкүр дарыяларында байкалууда. Суунун көбөйүшүнө тоолордо кардын эриши эле эмес, жакынкы күндөрдөгү көнөктөгөн жамгыр да себеп болгон. Учурда жээктерди бекемдөө иштери жүргүзүлүп, суу ташкын болушу мүмкүн делген жерлдерди атайын адистер көзөмөлгө алууда. Бул тууралуу чукул кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.