Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

ТҮРМӨДӨГҮ КАНДУУ БУЛООН БОЮНЧА СОТ УЛАНУУДА


31-колониядагы өткөн жылкы кандуу окуяга тиешеси бар деп айыпталынып жаткан 40 жакын адамдын үстүнөн козголгон кылмыш иши 10-майда күбөлөрдү суроо менен улантылды.

Өткөн жылдын 20-октябрында 31-колониядагы кандуу окуянын чоо-жайы иликтенип, ага шектүү делинген 40жакын адамдын үстүнөн козголгон кылмыш иши Бишкек шаардык сотунда карала баштаганына бир айдан ашуун убакыт өттү. Бул аралыкта кылмышка тиешеси бар делинген адамдар суралып, кезек күбөлөргө келди. Окуянын кандай өткөнүн көргөн жүздөн ашуун адам сотто күбө катары суралмакчы. Шаршембидеги Бишкек шаардык сот отурумунда 31-колониянын кызматкерлери көрсөтмө беришти.

- Штабдын жанында жүздөй киши чогулуп, тегерете турушкан экен. Алардын арасынан өтө албай, штабдын эшигине жакын жерде туруп калдым. Менин алдымда депутат Т.Акматбаев, Жаза өтөө жайлар башкармасынын жетекчиси И.Полотов, колониянын жетекчиси дагы башка кишилер турушкан,- деп маалымдады күбө катары көрсөтмө берген 31-колониянын 3-отрядынын башчысы Кайрат Курманкулов.

Анын ырасташынча көпчүлүктүн арасынан кара кийимчен Р.Абдуллин суурулуп чыгып делегация тарапка ок атып, «жаткыла!» деп кыйкырды. Анан кымкуут башталып, топураган адамдар кача баштаган: Мен да коркуп имараттын ичине качып кирдим. Т.Акматбаев менен анын жансакчысы менин алдымда имаратка чуркап киришип, экинчи кабатка чыгышкан.

Кандуу окуянын дагы бир күбөсү абакта жаткандарды жакындары менен жолугуштуруу ишин көзөмөлдөөчү Бекзат Орозалиев 2005-жылдын 20-октябрында болгон окуяны мындайча эскерет:

- Экөө чогуу кармашып И.Полотовдун жанына алып келишти. Аяктан сабап-сабап, күнбатышты көздөй алып кетишти экөөнү жетелеп. Дагы балдар бар болчу. Алардын баарын эстеп кала албадым.

Сотто көрсөтмө берген колония кызматкери Бакыт Матраимов ок атылганда нөөмөтчүлөр бөлмөсүндө отурганын маалымдады.

- Октор атыла баштаганда мен нөөмөт бөлмөсүндө отургам. Ал жерден аянт көрүнөт. Айнектен карасам адамдар кача баштаган экен. Аны мен алгач түшүнгөн жокмун. Анан эмне үчүн качып жатышканын түшүндүм. Качып бараткан жансакчы экен. Артынан камактагылар кууп алышыптыр. Эмне үчүн кууп баратышканы айтпаса деле түшүнүктүү болчу. Мен бөлмөдөн чыгып баратсам, наряд жетекчиси келип, бул жерден чыгып кетебиз деди. Чыгып кеттик.

Кызматтык милдети боюнча кыдырууда жүргөн парламент депутаты Т.Акматбаев, Жаза өтөө жайлар башкармалыгынын жетекчиси И.Полотов, Жогорку Кеңештин кызматкерлери Т.Оморов, Х.Алыкуловдун бекем кайтаруудагы жаза өтөө жайында атып өлтүрүлүшү бул системада мурда жашырылып-жабылып келген кыңыр иштерди ачыкка чыгарган окуя болду. Сот бейшембиде улантылат.

XS
SM
MD
LG