БИШКЕК. Тажикстандын Ички иштер министрлиги ушундай маалымат таратканын тажик маалымат агенттиктери жазып чыкты. Анда Кыргызстанга чектеш Согду облусундагы Ляккан чек ара бекетине белгисиз топтун кол салуусунан үч тажик аскер кызматчысы каза тапканы айтылат. Ал эми Баткен облустук бийлигинин өкүлү Таштемир Эшалиев куралчан топ Тажикстандан киргенин, анын мүчөлөрү Баткенге жакын Канибадам шаарынын тургундары экенин «Азаттыкка» билдирди.