Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

ЕВРОПАДА ЖАҢЫДАН КӨЗ ЖАРГАН ЧЕРНОГОРИЯ МАМЛЕКЕТИ ОРУСИЯГА ӨРНӨК БОЛОБУ?


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Черногория көз карандысыздыгы боюнча өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгын Сербия тааныды. Жекшембиде өткөрүлгөн референдум жыйынтыгы боюнча Сербия менен союзду бузууга макул болуп 55 пайыздан көбүрөөк черногордуктар добуш беришкени анык болду. Орусия мындай жагдайды бөтөнчө көз карашта кабылдады.

Черногория 55,4 пайыз добуш чогултуп Сербиядан бөлүнүп кетти деген кабар орусиялык саясий анализчилерди катуу кулак түргүздү. Алар референдумдун ыңжыңы жок өтүшүн жогору баалашууда. Муну менен коммунисттик режим тиреги болгон Югославия биримдиги таркап бүттү дешүүдө.
Бирок бул ажырашуунун Орусияга таалим алар жагы бар дешет. Саясий иликтөө институтунун жетекчиси Сергей Мраковдун биздин радиого айткан пикири боюнча «башка өлкөлөрдөн чыга качууга умтулган түзүлүштөр үчүн Черногориянын бөлүнүп чыгышы чоң бел болот».

"Бул рефернедум жана көзкарандысыз Черногориянын калыптанышы Косово, Абхазия, Түштүк Осетия, Приднестровье сыяктуу кыйла таанылбаган улуттук түзүлүштөргө саясий кубат болот»,- дейт саясатчы Марков.

Баса, кечээ орусиялык агенттиктерге таанылбаган жумурият Абхазиянын лидери Черногорияда өткөн референдумду цивилизациялуу жол менен ажырашуу деп баалаган: «Эми көзканадысыздыкты Абхазия да, Түштүк Осетия да алуулары тийиш. Эмне дегенде Абхазия небак эле Черногория менен Косоводон мурда бул маселени көтөргөн. Эл аралык уюм муну эске алуусу керек», деген Сергей Вагапш.

Азыркы туштагы Балкан кризисин иликтөчү эксперт Елена Гуськованын баамында «Черногория жумуриятынын жакырчылыкка дуушар болору айдан ачык. Европа буга дейре аны Сербия менен ажырашып алсын деп каражат берип келген. Мындан ары ал кимден алат андай каражатты?»

Бирок Тбилиси, Баку, Кишинев менен ажырашамын деп атышкан таанылбаган жумурияттар, алар канчалык Орусияга кошулууну каалап, ошону менен анын колдоосун издеп атпасын, эгемендикке жетүү абдан татаал болорун Станислав Белковский айтат:
«Приднестровье, Абхазия, Тоолу Карабак үчүн көзкарандысыздыкка жетүү кайра абдан татаал болот», дейт ал. Көрсө, андай референдум өткөрүүгө алардан сырткары Молдова, Грузия, Азербайжан да маакул болуулары керек экен. Ошол себептен ал мамлекеттердин өз жеринин бүтүндүгүн бузуп ийиши такыр мүмкүн эмес дейт саясий анализчи.

Мурдагы сербдик президент Слободан Милошевичтин Хорватия менен Боснияны багынтуу саясатынын капшабы Черногорияга да тийген. Ошол себептен БУУ ал жумуриятты да санкциялаган болуучу дейт.

XS
SM
MD
LG