Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Депутат Азимбек Бекназаровдун автоунаасы кырсыкка учурады


24-майда эртен мененки саат тогуз жарымда Бишкектин Манас көчөсүндө Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун кызматтык машинасы жол кырсыгына кабылды. Кырсык учурунда депутат автоунаада болгон эмес. Мамлекеттик автоинспекциянын маалыматы боюнча, депутаттын машинасы менен "Мазда" маркасындагы автоунаа кагылышып, андан бир киши жабыркап, ооруканага жеткирилген. Кырсыктын чыгышына кимдин күнөөлүү экени териштирилүүдө.

XS
SM
MD
LG