Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

ОШ : КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ӨЗБЕКСТАНДЫН ОРТОСУНДА ВИЗАСЫЗ КИРИП-ЧЫГУУНУ ЖАКТАП ОН БЕШ МИҢ КОЛ ТОПТОЛДУ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чегарадан визасыз кирип-чыгуу демилгесин көтөргөн бир катар коомдук уюмдар кол топтоо өнөктүгүн башташты. Бул демилгенин максатка ылайыктуулугун белгилешкени менен жергиликтүү талдоочулардын көпчүлүгү идеянын ишке ашуусунан күмөн санай тургандыктарын белгилешти.

Жакынкы күндөрдөн бери Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндө “Кыргызстан-Өзбекстан визасыз режим үчүн” деген ураандын алдында демилгени колдоо үчүн кол токтоо өнөктүгү жүрүп жатат. Аталган демилгенин авторлору “Содружество” саясий партиясы, “Саргон” жаштардын саясий биримдиги жана бир катар бей өкмөт уюмдар. Демилгечи топтун айтымына караганда, мындай иш чара учурда Карасуу, Өзгөн, Араван жана Ноокат райондорунун аймагында да жүргүзүлүп жатат. Демилгечилердин бири Музафар Алимов визасыз кирип чыгууну камсыз кылуу эки мамлекеттин элдеринин негизги каалоосу деген оюн ортого салды:

- Биздин туугандарыбыз, карындаштарыбыз бардыгы Өзбекстанда. Биз бир болуп жашаганбыз, акчабыз да бир болгон. Эми эгемендүү болгондон бери эки мамлекеттин жашоочуларынын ортосунда проблемалар чоңойуп атат. Бул демилге ишке ашып калса эки мамлекеттин өкүлдөрүнүн достугуна жакшы болот эле, - дейт кол топтоо өнөктүгүнүн демилгечилеринин бири Музафар Алимов.

Көз каранды эместикке жетишкен жылдардын башынан бери Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда түбөлүк достук жана кызматташуу жөнүндө бир катар келишимдер бекитилгени менен турмушта аларда көрсөтүлгөн шарттардын көпчүлүгү аткарылган эмес. Жергиликтүү талдоочулардын айрымдары эки өлкө ортосунда чегарадан эркин өтүүнү жана визасыз кирип-чыгууну камсыздоо демилгеси кыргыз өкмөтү тарабынан колдоого алынган күндө да өзбек өкмөтү мындай кадамга барууга али даяр эмес деген ойдо.

- Бул демилге эки тараптын кызыкчылыгын көздөгөнүнө карабастан Өзбекстан өкмөтү, тактап айтканда, Каримов тарабынан туура кабыл алынбай калышы мүмкүн деген тыянакка келүүгө болот. Себеби акыркы мезгилдерде чегарасын жөн гана бекемдеп койбостон, миналап койгон учурлары да болгон эле. Ошондуктан мен ойлойм Өзбекстан бийлиги тарабынан позитивдүү жактан кабыл алынбай калышы мүмкүн - деген оюн бидирди жергиликтүү талдоочу Руслан Ташанов.

Визасыз катташууну камсыздоо өнөктүгүнүн демилгечилери үч күндүн аралыгында эле идеяны колдогон 15 миңден ашуун кол топтолгондугун маалымдоо менен тиешелүү кол чогултулган болсо эки өлкөнүн мамлекет башчыларына атайын кайрылуу жолдоно тургандыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG