Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

27-МАЙДАГЫ МИТИНГИЧИЛЕР КАНДАЙ ТАЛАПТАРДЫ КОЙДУ?


«Реформа үчүн» оппозициялык кыймылынын демилгеси менен Бишкектин Алатоо аянтында өткөн митинг аяктады. Акциянын аягында анын катышуучулары бийликтен демократиялык реформаларды тездетүүнү талап кылган чечим кабыл алышты жана азыркы расмий бийликтен аларды сентябрь айына чейин аткарууну талап кылышты. Эгер аталган убакка чейин коюлган талаптар аткарылбаса Бакиев-Кулов тандемин кызматтан кетирүү тууралуу маселе коюларын жар салышты.

«Реформа үчун» кыймылы баштаган митингичилер кабыл алган резолюциянын кыскача мазмуну төмөндөгүдөй:

1. Президент ушул жылдын сентябрына чейин өлкөнүн макулдашылган баш мыйзамынын долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна койсун;
2. 2002-жылдагы Аксы окуясында курман болгондорго күнөөлүүлөр өз жазасын алсын;
3. Жогорку мамкызматчылардын кызмат абалынан пайдаланып, ар кандай соода - сатык иштерине кийлигишүүсү токтотулсун жана «Жерүй» алтын кенин жана башка кен байлыктарды иштетүүгө ачык тендер жарыяланып, калыс өткөрүлсүн;
4.Сөз эркиндигине кепилдик камсыз кылынсын жана ММКлардын реалдуу мүмкүнчулүктөрүнө чек коюу токтотулсун. Бул үчүн МТРКга көрсөтмө берүү токтотулуп, жеке менчик «Пирамида» телекөрсөтүүсү мыйзамдуу ээсине кайтарылып берилсин. Ошондой эле «НТС» каналынын аймактарга таралышы жолго коюлсун.
5. Өлкөдө экономикалык реформалар ишке ашып, экономикалык баардык функциялар өкмөткө берилсин.Экономиканы башкаруу жана мамлекеттик менчикке КРдин Өкмөтү гана көз салууга милдеттендирилсин;
6.Криминалга каршы күрөшүү жолго коюлуп, укуктук-соттук реформа тезинен ишке ашырылып, криминалдардын бийликке келүүсүнө бөгөт коюлсун;
7.Бирөөлөрдүн колу менен жеке менчиктерди, ишканаларды, соода-сатык боюнча фирма, кампанияларды бийликтегилердин менчиктештирип, ээлик кылуусуна жол берилбесин;
8.Монополизация жана бааны өзү каалагандай көтөрүү токтотулсун. Атамекендик өндүрүшчүлөрдүн чыгарган продукциясына жогорку баа коюуу жолго коюлсун;
9.2005-жылдын 24-мартындагы марадерлордон жапа чеккен ишкерлер менен өндүрүшчүлөргө компенсация төлөнүп берилсин;
10.Кыргызстандагы сөз эркиндигине, тынчтык жүрүштөр менен митинг, пикеттерге чыгууга каршы даярдалып жаткан долбоордон бийлик баш тартсын.

Бакыт Орунбеков

XS
SM
MD
LG