Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:14

ОРУСИЯ : МАШИНЕГЕ ЖАРКЫЛДАТКЫЧ КОЙДУРУУГА КАРШЫ АКЦИЯ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Москвада машине айдоочулардын «Жаркылдаткыч жоголсун!» деген аталыштагы нааразылык актысын милиция кууп таркатты. Акцияны машине айдоочулардын «Бош жол» аталышта кыймылы жана машине айдоочулардын профсоюздук уюму демилге көтөрүп уюштурмак болушкан. Бийлик ага маакул болгон эмес. Ошого карабай ондон ашуун региондордо андай актылар өткөн жана аларды ГАИ кызматкерлери таркатып штраф салуу болгон. Бул Орусиядагы машине айдоочулардын экинчи жолку нааразылык иш чарасын уюштурушу. Биринчиси март айында машине айдоочу Олег Щербинскийди түрмөдөн бошотууда болгон.

Ал жолу машине айдоочулардын нааразылык актысы февраль айында 22 ири шаарларда өткөн. Алтай крайынын губернатору Михаил Евдокимовдун жол кырсыгынан өлүшүнө күнөөлүү деп эсептеп Олег Щербинскийди (2006-жылдын 3-февралында – ММ) төрт жылга кесүү ага түрткү болгон. Ошол акциялардан кийин Алтай крайлык соту Щербинскийди актап өкүм чыгарган.

Ошондо таанылып калган орусиялык машине айдоочулардын «Бош жол» кыймылы ишембиде да жогорку кызматтагы 8 гана кишиге жаркылдаткыч бердиртүү талабын коюп каршылык актысын уюштурушту.

Ал кыймылдын жетекчиси Вячеслав Лысаковдун айтымында,«Калининграддан тартып Якутскиге дейре, Мурманскиден тартып Астраханга дейре баш-аягы 40 региондо өз машинеси менен шаарга чыгып митинг өткөрүү болмок». Маскөөдө болсо чиновниктер митинг өткөрүүгө уруксат берген эмес. Ошол себептен 3 миңдей машине ордуна жүз гана машине менен Тушино жайыгына чыкмак болушкан.

«Биз ошол себептен актыны митинг түрүндө эмес кур жарышка түшүүгө окшош өткөрүүгө аргасыз болуп атабыз», - деген Лысаков мырза.

Ишемби күнү маскөөлүк милиция өкүлү билдиргенге караганда Тушино жайыгына 65 машине менен 120 киши чыккан. Арасынан 18 машине айдоочу кармалып 400 рублдан 500 рублга дейре штраф салып таркатуу болгон. Актыга катышкандардын ондогону кармалган.

Бирок, ИТАР-ТАСС кабарчысына: «Мындай маалымат чындыкка коошпойт. Милиция мыйзам алкагында так иш аткарды», - деген ырасмий өкүл. Сенатор Владимир Федоров айтканга караганда «Бош жол» сыяктуу кыймылдын ишке жолтоо болгону эле болбосо пайдасы жок:

«Кыйла сандагы машине айдоочуларды коргоочу уюмдар пайда болду. Кимден коргошот? Мыйзамдан. Адилет жаза тартуудан кантип кутултуу үчүн коргошот», - дейт кезегинде 12 жыл удаа мамлекеттик автоинспекцияны жетектеген Федоров.

ГИБДД өлкөдө мурунку жылы жол кырсыгынан 34 миң жаран каза болгонун айтат. Бул эсеп бир жарым миллиард эли бар Кытайдан кийинки орундагы көрсөткүч экен. Анализчилер эсебинде европалык орточо өлкө менен салыштырганда Орусияда машине аздык кылат. Ошого карабай жол кырсыгына учуроо, маселен, Улуу Британияга салыштырганда 10 эсеге көптүк кылат экен.

Мамдума депутаты Владимир Рыжковдун айтканына караганда, «азыркы тушта 3 миңден ашуун кызматкердин машинесине жаркылдаткыч орнотулган. Алардан сырткары 1600 машине атайын номердүү. Жең ичинен ал жабдуларды сатып алгандар алардан да көп».

«Бош жол» кыймылы койгон талап боюнча Президентке, эки палатанын төрагаларына, конституциялык, жогорку жана арбитраждык сотко, башкы прокуратурага - баш аягы 8 гана бийик даражалуу кишиге атайын номердүү жаркылдаткычы бар машине керек.

XS
SM
MD
LG