Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:51

Президент Бакиев аксылыктарды кабыл алды


БИШКЕК. Бүгүн ишембиде Президент Курманбек Бакиев Аксы окуясынан жабыр тарткан 15 чакты адамды жана укук коргоочуларды кабыл алды. Жолугушуудан кийин аксылыктар президенттин жообуна канагаттанбагандыктарын “Азаттыктын” кабарчысына билдиришти.

Экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров Президентке жана Башкы прокурорго Аксы окуясы боюнча өткөн жылы 10-майда Башкы прокуратура тарабынан жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо иши белгисиз себептерден улам токтотулгандыгын маалымдаган. Бекназаров ал иштер боюнча 70 пайызы бүткөрүлгөн, иликтеп-тергөө ишин кайра улантуу талабын койгонун билдирди. Анын айтымында, жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иште адам өлтүрүү фактысы, ошол убактагы жооптуу кызматтарда иштеген чиновниктерди жоопко тартуу маселеси каралган.

Президент Курманбек Бакиев жогорудагы маселени аягына чыгарууну Башкы прокуратурага тапшырды.

XS
SM
MD
LG