Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

АМЕРИКАЛЫК АСКЕРЛЕР ИРАКТА ЭРЕЖЕ БУЗГАН ЭМЕС


Жаныл Жусупжан, Прага Кошмо Штаттарындаги иликтөөчүлөр Ирактын Иcxаки шаарында бейкүнөө кишилерди өлтүргөн деп шектелген америкалык аскерлерди актап чыкты. Аталган шаардын полициясы март айында АКШ аскерлеринин чабуулунда алты киши, беш бала өлтүрүлдү деп ырастаган эле.

АКШ армиясынын маалымат катчысы жума күнү ал-каидачы деп шектелген кишини камакка алууга келген үйдөн ок чыккандан кийин америкалык аскерлер өз милдетин туура аткарышкандыгын билдирди. Генерал-майор Уиллиам Калдуел бир эле мезгилде аскерлер абадан жардам сурагандан кийин кеминде 13 киши күм-жам болгон болушу мүмкүн экендигин моюнга алды:

- Тергөөчү офицердин иликтөөсүнүн жыйынтыгына ылайык, башында айтылган 4 кишиден тышкары дагы 9 киши курман болгон шекилдүү. Бирок дубалдар кулап, оор урандылар тазалана элек болгондуктан, курмандыктардын так санын айтуу мүмкүн эмес. Аскерлер бул үйдө жашаган үй-бүлө мүчөлөрүн өлтүрүп, анан кылмышын жашырыш үчүн абадан сокку урдурган деген ырастоо таптакыр чындыкка жатпайт.

Анын аралыгында, Ирактын Хадиса шаарында америкалык аскерлер 24 карапайым атуулду, анын ичинде аялдарды жана балдарды өлтүргөн деген айыптоо боюнча иликтөө уланууда. Жума күнү Ирактын өкмөт башчысы ал-Малики Кошмо Штаттарынан Хадиса боюнча иликтөөнүн документтерин талап кылаарын билдирди.

АКШнын коргонуу өкүлдөрүнүн сөзү боюнча, айрым коментаторлор 1968-жылкы Ветнамдагы Ми Лай кыргынына салыштырган Хадиса окуясына байланыштуу америкалык аскерлерге айып коюлушу мүмкүн. Жума күнү Коргонуу министри Доналд Рамсфелд Хадисаны "кокустук" катары сүрөттөөгө аракет кылды. Ал "америкалык аскерлердин 99 пайызы өзүн тартиптүү алып жүрөт деп ырастап, "бул окуяда иликтөө жүрүп жатат, жакында жообун билебиз. Менимче аскер корпусу иликтөөнү жакшы эле жүргүзүп жатат",- деди.

Катардагы ирактыктар америкалык аскерелер суудан кургак чыкса таң калбай тургандыгын айтышууда.

XS
SM
MD
LG