Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Ф.КУЛОВ ПРЕЗИДЕНТТИК – ПАРЛАМЕНТТИК СИСТЕМАНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫН ЖАКТАЙТ


Кыргызстандын премьер-министри Ф. Кулов Конституцияга өзү тандаган толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү Конституциялык реформанын жумушчу тобуна сунуш кылды. Премьер-министр сунуш кылган толуктоолордун жана өзгөртүүлөрдүн башкы идеясы – күчтүү президент жана күчтүү парламент.

Ф. Кулов сунуш кылган модель боюнча премьер-министрди парламент дайындайт. Президент Конституциянын күчтүү гаранты болуп саналат. Ал Өкмөттүн ишин көзөмөлдөйт, күч органдарын жетекчиликке алат. Президент ошол эле учурда Өкмөттүн күндөлүк ишине кийлигишпейт. Өкмөт курамын түзүү маалында кадрларды дайындоону премьер-министр менен парламент жүргүзөт, бир эле убакта президент менен макулдашып чечет. Куловдун көз карашында ушундай схема демократиялык өлкөнүн талабындагыдай бийлик бутактарынын ортосунда тең салмактуулукту камсыз кыла алмак.

Премьер-министрди шайлоодо жеңип чыккан партия шайлайт. Ал эми министрлер, өкмөт мүчөлөрү парламентке өткөн партиялардын ортосунда алардын алган ордуна жараша квота менен бөлүнөт. Парламент төрагасы партиялык азчылыктан шайланат. Ошондо шайлоодо жеңип алган саясий партиянын таңуулаган саясатына жол берилбейт.

Премьер жумушчу топко жолдогон катында Конституцияны бүтүндөй кайра жазып чыгууга таптакыр каршы экенин баса белгилеп, азыркы конституцияга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү гана туура болот деп билдирген.

XS
SM
MD
LG