Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 05:00

ЖАЛАЛАБАДДА ЖЕР ТАЛАШ УЛАНУУДА


Жалалабат облусунун Сузак районундагы Көкарт айыл өкмөтүнүн Мазарбулак айылынын 30 тургуну өз айылындагы дыйкан чарбадан ижарага жер алып берүү өтүнүчү менен 6-июнда Жалалабат облустук бийлигине келишти. Райондорду кыдырып жүргөн губернатор иш ордунда болбогондуктан алар облус башчысын түш ченден кечке дейре күтүштү. Жумуш күнү аяктаар алдында жер талашкандардын өкүлдөрүн облус прокурору кабыл алып, менчикке өткөн жер маселесин мыйзам жолу менен чечүүнү түшүндүрдү

Мазарбулак айылында 45 үй-бүлө жашайт. Үлүшкө тийген жерлерин эл таштап койгондо ал жерлерди «Чеки» дыйкан чарбасы өздөштүрүп, кийин менчиктештирип алган. Сузак районундагы кыймылсыз мүлктү каттоо бөлүмү ал жерлерди ченегенде ашыкча жер аныкталган. Айылдыктардын ошол ашыкча жерди пайдалануу тууралуу өтүнүчтөрү аткарылбай келатат.

Мазарбулактык 30 адамдын убара тартып, облбийликтин алдына келип, губернатор менен жолугушууну күтүүгө Таабалды Исаевдин айтымында айыл менен райондон жыйынтык чыкпаганы себеп болду:

- Ушул жерди барып көрүп, алып беребиз деген. Ошону менен эч ким жок.

- Жер иштетүүгө келишим түзүлүп, жергиликтүү тургундар ижара акыларды да төлөшкөн. Бирок, маселе бир жылдан бери чечилген жок,- дейт Үмүт Байматова.

Көкарт айыл өкмөтү «талашка түшкөн ашыкча жер дыйкан чарбадан алынып, элге бөлүнүп берилсин»- деген чечим чыгарган. Райондук прокуратура маселени мыйзам жолу менен чечүүнү сунуш кылып, айыл өкмөттүн доо арызы боюнча 27-июнда карала турган сотко чейин дыйкан чарбанын мүлкүнө колу тийгендер болсо, “басып алуучулук” катары мүнөздөлүп, айыл тургундарын жоопко тартаарын эскерткен.

Көкарт айыл өкмөтүнүн жер адиси Садыбакас Кулматовдун ою боюнча элдин талабы туура:

- Баары билет, илгертен бери сугат, тамеки, жашылча эгилген жер. Элдин талабын туура деп эсептейм.

Түш ченде арыз менен келгендер губернаторду кечке дейре күтүштү. Облус башчысы райондорду кыдырып жүргөндүктөн жолугушуу болбоду:

- Губернатор келгиче күтөбүз,- дешип көшөрүп отурушту.

Облбийликтин айланасында кечке жүргөн нааразы адамдардын өкүлдөрүн жумуш күнү аяктаар кезде облус прокурору Абдыбакыт Калмурзаев кабыл алды. Прокурор аларга маселенин чечүүнүн мыйзамдык жол-жоболорун түшүндүрдү. Бөлүмдүн прокурору Кубаныч Нуруллаевдун жообу боюнча сүйлөшүү төмөндөгүдөй жыйынтыкталды:

- Жерлер боюнча актылар алынган. Бирок, жер кызматкерлери барып жерди ченегенде көрсөтүлгөндөн жер ашыкча чыкты деп такташкан. Ошондуктан ашыкча жерди кайтарып алуу үчүн соттун кароосуна бердик.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG