Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:25

ӨЗБЕКСТАН: САНЖАР КАДЫРОВ АБАКТА ЖАЛГЫЗ КАРМАЛУУДА


Эрнис Кыязов Өзбекстандык укук коргоочулардын айтымында, он жарым жылга эркинен ажыратылып, Бухарадагы 64-47 номурлуу абакка жөнөтүлгөн «Күнөстүү Өзбекстаным» коалициясынын жетекчиси Санжар Умаров жакында абактын жалгыз кармалчу жазалоо жайына которулган. Арийне, бул маалыматты расмий булактардан тастыктоого да, төгүндөөгө да азырынча мүмкүн болгон жок.

Санжар Умаровду көргөнү барган карындашы Нодира Умарованын сөзүнө караганда, анын агасы Санжар 8 күндөн бери айыпкер обочо кармалган жазалоо бөлмөсүндө жатат. Эмне себептен Санжар Умаров бул жакка которулганы туурасында жакындарына эч нерсе айтылган эмес жана бул туурасында алдын ала кабарланган эмес. Ага алпарылган азык оокаттарды да ичке кийирбей артка кайтарышты-дейт Надира. Ал эми расмий Ташкент Умаровдун кийинк тагдыры боюнча эч маалымат бере элек.

Санжар Умаровдун саламаттыгы, азыркы учурдагы акыбалы кандайлыгы, мынакей эки ай өтсө да эч бир маалымат жок. Жакындары болсо анын ден соолугунан кабатырланып жатышат. Fergana.ru интернет басылмасынын маалымдашынча, Бухарадагы бул түрмө айыпкерлердин ооруга чалдыгышынын денгээли боюнча Өзбекстанда биринчи орунда турат.

«Азат дыйкандар» партиясынын башчысы, «Күнөстүү Өзбекстаным» коалициясынын мүчөсү Нигора Хидоятованын айтуусунда, Санжар Умаров менен байланышуу түгүл, ал туурасында кандайдыр маалымат алууга да эч мүмкүн болбой жатат.

«Санжар Умаров 16 күнгө айыпкерлердин атайын жазалоо бөлмөсүнө камалган. Эмне үчүн ал жазалоо бөлмөсүнө камалды, ден-соолугу кантти экен, эчтекени билбейбиз. Анткени азыр адвокатыбыз жок»- дейт Нигора Хидоятова.

Укук коргоочу айым мындан тышкары Санжар Умаровдун укугун коргоп келген адвокат Василий Красиловский өлкөдөн сырт жакка чыгып кеткенин билдирди.

«Красиловский Америкалык Юристтер биримдиги менен кызматташып иштечү, ал жактан алган гранттардын жардамы менен оппозиционерлердин, укук коргоочулардын таламын жактачу. Америкалык юристтер биримдигин жабуу аракеттери башталган сон анын өмүрүнө жана ишмердигине коркунуч туулуп, ал өлкөнү таштап чыгып кетүүгө аргасыз болду. Андан бери биз Санжар Умаровдун укугун, таламын жактоого кудуреттүү жана ага бел байлаган адвокатты азырга чейин таба албадык»-деди Нигора Хидоятова.

Санжар Умаровго үстүбүздөгү жылдын 6-мартында уюшкан кылмыштуулук, ири көлөмдөгү уурулук, мыйзамсыз турдо ишкердик кылуу, кызматынан кыянаттык менен пайдалануу, салыктан качуу сыяктуу айып коюлуп, Өбекстандын соту аны 14,5 жарым жылга эркинен ажыратуу жөнүндө өкүм чыгарган эле. Аппеляциялык арызга ылайык өткөрүлгөн сотто бул мөөнөт 10,5 жылга азайтылган болчу.

Ошого карабастан, айыпкер жана айыпкердин адвокаты тагылган күнөөлөрдү негизсиз жана далилсиз деп эсептеп, Өзбекстандын Жогорку сотуна кайрылыша турганын билдиришкен эле. Адвокат Василий Красиловскийдин мамлекетти таштап сыртка кетип калууга аргасыз болушу- Санжар Умаровго байланышкан сот жараянынын болочогун татаалдантып койду.

XS
SM
MD
LG