Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

“АЛ-КАИДАНЫН” ИШКЕ АШПАГАН ПЛАНЫ


“Ал-Каида” 2003-жылы Нью-Йорк метросунда террордук кыянат жасамак болгон, эгер план ишке ашканда үч миңден ашуун кырылмак. Бул тууралуу америкалык белгилүү публицист Рон Саскинддин “ Бир проценттин доктринасы” деп аталган китебинде айтылат.

Террорчулардын бул планы тууралуу маалыматты АКШнын атайын кызматтары “Ал-Каиданын” камакка алынган бир мүчөсүнүн компютеринен табышкан. Планда Нью-Йорктун метросундагы станцияларга жана вагондорго ууктурма газ толтурулган атайын аппараттарды орнотуп, кыймыл кычаган маалда аларды жардыруу каралган экен. ЦРУнун адистери кийинчерээк бул аппараттарды пландагы чиймелерге ылайык түзүп чыгып, президент Жорж Буш менен вице-президент Дик Чейниге көрсөтүшкөн. Иштин жайын түшүнгөндө президенттин үрөйү уча түшкөн, деп жазат Саскинд.

Террорчулар колдонмок болгон аппараттар техникалык жактан өтө кынтыксыз экенин аскери адистер да ырасташкан. Кокус бул план ишке ашканда, бери дегенде миң, ары барганда үч миңдей адам апаат кетмек. Цианид арбын кошулган ууктурма газ иш жүзүндө атом бомбасы жарылганга тете болмок, деп белгилейт Саскинд.

Террордук операция белгиленген күнгө бир жарым ай калганда Усама бин Ладендин жардамчысы, “дүйнөнүн экинчи террорчусу” атыккан мисирлик Айман ал-Завахири капыстан эле пландан баш тартып,аны токтотконго көрсөтмө берген экен. Эмне себептен улам ушундай чечим кабыл алынганы белгисиз бойдон калган.

2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук балааматтардын кийин АКШнын чалгындоо органдары олуттуу сынга кабылды. Айрымдар аларды эң жогорку үлгүдөгү технологияларга таянып, жансыздар менен тыңчылардын кызматынан пайдаланбай калышкан деп эсептешет.

Нью-Йорк полициясынын өкүлдөрү сөз болгон план тууралуу атайын кызматтар менен бийликтер күн мурунтан кабардар болушканын ырастады. Ал эми ФБРдын жетекчилери Саскинддин китебинде келтирилген фактыларды комментариялашкандан баш тартышты.

XS
SM
MD
LG