Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:37

ТҮШТҮКТӨ ТЕРРОР ЖАНА ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМ КҮЧӨП КЕТҮҮ КОРКУНУЧУ БАР


Кубанычбек Жолдошев, Ош Кыргызстандын түштүгүндө террористтик жана диний экстремисттик кыймылардын күчөп кетүү коркунучу орун алышы мүмкүн. Бул багыттагы кырдаалды көзөмөлдөөнүн абалы, мамлекеттик чегараны кайтарууну толук камсыздоо жана республиканын түштүгүндөгү коомдук коопсуздукту жөнгө салуу маселелери Жогорку Кеңештин коргонуу, коопсуздук жана тартип коргоо органдары боюнча комитетинин көчмө жыйынында талкууланды.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезектеги көчмө жыйынына Ош, Жалалабат, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын укук коргоо, прокуратура органдарынын, улуттук коопсуздук жана чегара кызматынын тиешелүү жетекчилери чакыртылып, коопсуздук жаатындагы жалпы кырдаал талкууга алынды. Ош облустук улуттук коопсуздук башкармалыгынын башчысы Бакыт Бекибаев диний экстремисттик уюмдардын жандана баштагандыгын айтуу менен жакында издөөдө жүргөн кыргыз атуулунун чет өлкөдөн туугандарына жазган шектүү каты кармалгандыгын билдирди:

- Учурда чет өлкөдө жүргөн кыргыз “боевик” туугандарына “Мен жөнүндө көп ойлонбогула. Мен өз жолумду таап алгамын. Менин бул жолумду Кудайдан башка эч ким тосо албайт. Кудай кааласа бир күнү келип бардыгы менен эсептешебиз. Бул күндөр бул боюнча тура бербейт” деген кат жазган. Бул адамдын ниетин биз толук түшүндүк.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агентчиликтин башчысы Өмүрзак Мамаюсупов болсо кийинки жылдары Пакистанга, Сауд Аравиясына жана башка мусулман өлкөлөрүнө окууга кетип жаткан кыргыз атуулдары ал жактан экстремисттик маанайдагы окууларга сугарылып жаткандыгын жана алардын саны жылдан-жылга көбөйүшү кырдаалды оорлотуп жибериши мүмкүн экендигин белгиледи:

- Студенттер эч эрежеси жок чыгып кетип аткан учурлар көп. Мисалы, Пакистан мамлектиндеги студенттер эң проблемалуу. Аэропорттон турист катары чыгып кетишет. Азыр бул боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп жатабыз. Ал жакта 54 киши бар экен. Алардын келгенден кийинки иштери чынында проблемалуу болуп атат.

Атайын кызматтын өкүлдөрү Кыргызстандын түштүгүндө ишмердүүлүгүн жандандыра баштаган радикалдык маанайдагы диний экстремисттик агымдар катары салахиттер, вахабийлер, акрамийлер, Таблики жамаат, Хизб-ут тахрир жана Шарп сыяктуу уюмдарды аташты. Талкуунун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук коопсуздук кызматынын, дин иштери боюнча агентчиликтин жана башка тартип коргоо органдарынын иштерин канаттандыраарлык эмес деп табышып, бир катар сын-пикирлерин айтышты:

- Биз өзүбүз акылдуу иш-чараны кыла албасак дагы ошолор кылып аткан ишин үйрөнүп каршы иш-чараларды кылышыбыз керек эле. Ошол болбой атат. 15 жылда бир бийликке келип алып бардыгыбызды жылдырып коё турган маселе болуп атат. Оппозициячыл маанайдагылар кыйкырып, акчасы көп болуп бийлик талашып атышат. Бөлөк коркунуч бул жакта жатат - деди Жогорку Кеңештин коргонуу, коопсуздук жана тартип коргоо органдары боюнча комитетинин төрагасы Рашит Тагаев.

Жыйындын аягында диний экстремизм багытындагы кырдаалды көзөмөлдөөнү күчөтүү, аларга каршы күрөшүүдө альтернативалуу чараларды иштеп чыгуу жана бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери көтөрүлдү.

XS
SM
MD
LG