Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

ИРАКТА МЫЙЗАМ БУЗГАН АМЕРИКАЛЫК АСКЕРЛЕР ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНА КЕСИЛИШИ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага Ирактагы америкалык аскерлер акыркы мезгилде жергиликтүү калк тарабынан сынга улам көп алынып, элдин айрым катмарлары аларды - өлкөгө эркиндик алып келгендер эмес, оккупанттар катары кабыл алууда. Аскерлердин кээ бир жоруктары дагы андай маанайды күчөтүп жатат. Жакында сегиз америкалык аскерге расми күнөө коюлду жана ал далилденсе, жигиттер өлүм жазасына кесилиши мүмкүн.

Адам укуктарын коргогон эл аралык уюмдар жана европалык жетекчилер дагы акыркы мезгилде Куба аралындагы америкалык Гуантанамо базасында ачылган абакты жабууну талап кылууда. Америкалыктар анда - террорчулуктан шектелип, дүйнөнүн ар башка мамлекетинде кармалган беш жүзгө жакын адамды бир нече жылдан бери сотсуз кармап жатат. АКШнын Борбордук чалгындоо агенттиги Чыгыш Европанын айрым мамлекеттеринде жашыруун абак кармаганы тууралуу болсо Европа Кеңеши азыр расми тергөө жүргүзүүдө.

Багдад шаарынын алдындагы Абу-Грейб абагындагы мазактоо учурлары менен байланыштуу бир нече америкалык аскер эркинен ажыратылууга кесилди. Азыр болсо америкалык аскерлерге каршы дагы эки тергөө жүрүп жатат. Өткөн жылдын ноябрында бир нече америкалык аскер Ирактын Хадита шаарында бир үйгө кирип барып, 24 адамды атып өлтүргөн деп күнөөлөнүүдө. Алардын арасында аялдар жана жаш балдар да өлгөн. Окуядан кийин америкалыктар - ал жерде террорчулар жашынган деген кабар келгендиктен, ал үй абадан бомбаланган деп билдирген, бирок кийин тергөө башталды.

Үстүбүздөгү жылдын апрелинде Ирактын Хамдания деген айылында бир карапайым ирактык тургун өлтүрүлгөнү боюнча болсо, 21-июнда сегиз америкалык аскерге расми күнөө коюлду. Эгерде алардын айыбы сотто далилденсе, аскерлер өлүм жазасына кесилиши мүмкүн. Алар май айында камакка алынган жана сот азыр Калифорния штатында өтүп жатат.

Аскерлер апрелде Хашим Ибрагим Авад деген 52-жаштагы адамды себепсиз атып өлтүрүп, кийин анын денесин көчөгө алып чыгып, колуна мылтык жана күрөк карматып жаткырып койгон деп күнөөлөнүүдө. Жетекчиликке алар - ал адам жолдун боюна бомба коюуга даярданып жатканда өлтүрүлдү деп билдирген. Өлгөн Авад болсо аксак жана көзү жакшы көрбөгөн адам болуп чыкты.

Техас университетинде сабак берген тарыхчы жана аскерий ардагер Кеннет Алларддын айтымында, америкалыктарга аскер жетишпегендиктен, айрым солдаттар Иракка улам кайра жиберилип жатат, ошондуктан алар психологиялык жактан катуу кысым астында жана кээде нервдери чыдабай кетүүдө: "Согуш болуп жаткан жерге барып келгенден кийин сиздин кайрадан калыпка келишиңиз үчүн көп убакыт талаптуу. Биз болсо Иракка азыр айрым жигиттерди экинчи, же үчүнчү жолу жиберип жатабыз, биз ал балдарды оор абалда өтө көп пайдалануудабыз", - дейт полковник Аллард.

Америкалык университетте профессор болуп иштеген Питер Кузниктин айтымында болсо, америкалык армияда түзүлгөн жалпы маанай үчүн жогорку жетекчилик күнөөлүү: "Биздин өлкөгө эл аралык мыйзамдардын кереги жок деп президент өзү айтып жатса, аны менен аскерлерге дагы терс белги берилүүдө. Алар - биз үчүн эч кандай аскерий эрежелердин кереги жок деп ойдойт жана ошого жараша аракеттенет", - дейт Кузник.

XS
SM
MD
LG