Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

МЭТТЬЮ БРЫЗА: АРМЯН ЖАНА АЗЕРИ ПРЕЗИДЕНТТЕРИ ТООЛУУ КАРАБАК БОЮНЧА САЯСИЙ ЭРКИН КӨРСӨТҮҮГӨ ТИЙИШ


Төрөкул Дооров, Прага Мэттью Брыза, АКШнын Мамкатчысынын Европа жана Евразия боюнча жардамчысынын орун басары дагы бир жаңы кызматта иштей баштады. Ал Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунда (ЕККУ) Тоолуу Карабак боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн түзүлгөн Минск тобунун жетекчилеринин бири Стивен Манндын ордуна дайындалган. 22-июнда Брыза ЕККУнун Венадагы баш-кеңсесинде болуп кайтты. Телефон аркылуу Брыза мырза “Еркин Европа.Азаттык” радиосунун армян редакциясынын директору Храир Тамразян жана азербайжан редакциясынын кабарчысы Кенан Алиевдин Карабак талкуусу боюнча суроолоруна жооп берген эле.

“Азаттык”: Мэттью мырза, сиз соңку билдирүүлөрүңүздүн биринде Тоолуу Карабак конфлиги боюнча келишимдин долбоору даяр болуп калганын айттыңыз эле. Андан сырткары, келерки жылы Армениянын саясий турмушунда башка олуттуу окуялар болоорун эскертип, ушул жылы эле президенттер мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, мунаса үчүн аракет жасап калышы керек дегениңиз белгилүү. Биринчиден, Карабак боюнча кандай келишимдин долбоору жөнүндө сөз болуп жатат? Сиз Карабак маселесин быйыл чечүүгө мүмкүнчүлүк бар деген оюңузду өзгөртө элексизби? Айрым эксперттер “проблема азыр мурдагыдан да татаалдай түштү” деп жатышпайбы...

- Чынында эле азыр проблема татаалдай түштү. Президенттер ошол келишимдин долбоорунда көрсөтүлгөн маселенин башкы маңызына жете электигинен улам татаалдык бар экенин көрүп жатабыз. Долбоорду ЕККУда элчилер Манн, Орусиядан Юрий Мерзляков жана Франциядан Бернард Фассиер мырзалар бирге даярдашты. Биз азырынча даярдаган келишимдин долбоорунда, бир четинен, Азербайжандын аймагындагы армениялык аскерлерди ал жерден башка жакка жылдыруу же такыр эле чыгарып кетүү зарылдыгы айтылган. Экинчи жагынан, Армения менен дипломатиялык жана экономикалык алакаларды калыбына келтирүү, Карабак регионунда эларалык бейпилдик күчтөрүн жайгаштыруу, экономиканы көтөрүү маселеси коюлат. Ошентип, бул долбоор Карабактын болочоктогу статусу боюнча да добуш берүүнү камтыган бир топ сунуштардын топтомун билдирет. Бул – талкуу үстөлүнө коюлуучу сунуштардын алгачкы планы. Биз президенттерди ушул долбоорду жактырууга үндөйбүз. Анткени бул план, мен буга чейин айткандай, өтө чоң саясий эр-жүрөктүүлүктү талап кылат.

“Азаттык”: Сиз тараптарга өздөрүнүн позицияларын кичине жумшартышы керектигин айттыңызбы? Кара деңиз боюндагы өлкөлөрдүн саммитинде жана Рамбуйеде өткөн февралдагы саммитте президенттер азыр сиз айткан долбоорду кароого макулдуктарын билдиришкен жокпу?

- Бухарестте алар жолугушууда баштан аяк жалаң бири-бири менен сүйлөшүштү. Алар проблеманы терең талкуулай алышты жана ошондон бери эч кандай терс маанайдагы билдирүүлөр айтыла элек. Ошондуктан мен муну кандайча түшүндүрүүнү да билбейм. Мен өзүм жана башка тең-төрагалар эмнеден үмүттөнүп жатканыбызды билем. Биз “азыр эки тарап тең жасашы лаазым делген компромисттерге барышат ко” деген үмүттөбүз. Бирок азырынча президенттер буга жетти деп айта албайм. Мамлекет башчылар бу сунуштарды карап, бир тыянакка келиши үчүн кичине убакыт берүү максатында топтун (Минск тобунун) тең-төрагалары жайкы тыныгууга чыгууну туура көрүштү, - деди АКШнын Мамкатчысынын Европа жана Евразия боюнча жардамчысынын орун басары Мэттью Брыза.

XS
SM
MD
LG