Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

29-июнда Улуттук университетте шайлоо болбой калды


БИШКЕК. Кыргыз улуттук университетинин ректорун шайлоо күзгө калтырылды. Ишенимдүү булактын маалыматына караганда, 29-июнга белгиленген шайлоонун болбой калышына шайлоону уюштуруу комитетине талапкерлердин ишеним көрсөтпөгөндүгү негиз берди. Ректордукка Амангелди Бекбалаев, Алтай Бөрүбаев, Аалыбек Акунов өңдүү он бир талапкер арыз берген. Буга чейин ректордун милдетин Ишенгүл Болжурова аткарып келген. Президенттин жардыгына ылайык вице-премьер министрдин милдетин аткарып жаткан Болжурованы парламент кечээ бул орунга бекитпей койду.

XS
SM
MD
LG