Иракта беш орус жаранын өлтүргөндөр тууралуу маалымат берген адамга Маскөө 10 миллион доллар сыйлык бере турганын жарыялады. Ал тууралуу кечээ күнү Федералдык коопсуздук кызматынын төрагасы Николай Патрушев билдирди. Багдаддагы орус элчилигинин бир кызматкери 3-июнда өлтүрүлүп, дагы төртөө барымтага алынган жана 20 күндөн кийин алар дагы өлтүрүлгөн. Төрт орус жаранын туткунга алгандар - орус аскерлерин Чеченстандан чыгарып, камакка алынган чечендерди бошотууну талап кылган.