Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:38

ПАЛЕСТИНА ИЗРАИЛДЕН АСКЕРИЙ ЧАБУУЛУН ТОКТОТУУНУ ТАЛАП КЫЛДЫ


Палестина премьер-министри Исмаил Хания кечээ күнү Израил жетекчилигине кайрылып, аскерий чабуулду токтотууну талап кылды. Газа шаарындагы мечиттеги жума намаз учурунда сүйлөп, ал - Изаилдин чабуулу, же өкмөт мүчөлөрүн барымтага алуу ХАМАС өкмөтүнүн турумун өзгөртө албайт деп билдирди: "Төрага Махмуд Аббас жана биздин мисирлик туугандар менен биз түзүлгөн туңгуюктан чыгуу жолдорун издеп жатабыз, Израилдин чабуулу болсо абалды ого бетер курчутууда", - деди Хания.

25-июнда Газа тилкесинде бир жөөт аскери барымтага алынганына байланыштуу Израил аймакка 27-июнда өз аскерлерин киргизген, 29-июнда болсо Палестина өкмөтүнүн бир нече мүчөсүн, алардын ичинде вице-премьер Насер Шаерди камакка алышкан. Жөөт аскерин барымтага алгандар Израилдин абактарында кармалган миңге жакын адамды бошотууну талап кылууда.

Нарын Айып, Прага

XS
SM
MD
LG