БИШКЕК. Германиянын Кыргызстандагы элчиси болуп Клаус Гревлих дайындалды. Ал эми мурдагы элчи Франц Айгингер мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жакын арада мекенине кайтат. Жума күнү өкмөт башчы Феликс Кулов экс-элчини кабыл алып, кыргыз-герман эки тараптуу кызматташуусуна Айгингердин кошкон салымын белгилеп ыраазычылык билдирди. Эки өлкө ортосундагы кызматташтыкка кошкон жигердүү эмгеги үчүн Франц Айгингерге “Даңк” медалы ыйгарылды.