Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:37

ОШ : КОНСТИТУЦИЯ ДОЛБООРУ ТАЛКУУДАН ӨТҮҮДӨ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Кыргызстандын Баш мыйзамын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Азимбек Бекназаров Ош шаарынын жана облустун активи менен жолугушуп, конституциянын долбоорунун президенттик, парламенттик жана аралашма башкарууга ылайыкташып түзүлгөн үч варианты боюнча талкууга катышты. Талкуунун жүрүшүндө административдик, аймактык бөлүштүрүү жана жогорку мамлекеттик кызмат адамдарынан кол тийбестикти алып коюу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жумушчу топтун жетекчиси Азимбек Бекназаров Баш мыйзамдын биринчи жолу кыргыз тилинде жазылган долбоорунун үч вариантында тең мурдагы үч тепкичтүү административдик аймактык бөлүштүрүүнүн ордуна эки тепкичтүүлүк сунуш кылынгандыгын айтуу менен эмнеси болсо да райондук, же болбосо облустук деңгээл жоюла тургандыгын белгилеп өттү.
Анын оюна караганда мындай демилге мамлекеттик кызматтын эффективдүүлүгүн күчөтүшү мүмкүн:

- Административдик-территориалдык бөлүштүрүүдө мындан кийин эки эле тепкич болот, республикалык жана аймактык, облус калабы, же район калабы, же улус деп аталабы аны убагында көрө жатарбыз. Бирок үч эмес эки эле тепкич болот. Өзүн-өзү башкаруу органдарына биз көбүрөк мүмкүнчүлүк бердик, таанышканда көрөсүздөр.

Андан соң талкуунун жүрүшүндө мамлекеттин жогорку кызмат адамдарынын кол тийбестик укугун алып салуу маселеси көп көтөрүлдү. Ош облустук юстиция башкармалыгынын башчысы Эрмамат Кожокматов мамлекеттин башчысынан жана Жогорку Кеңештин депутаттарынан кол тийбестик укугун алып салуу сунушун кийирүү менен анын бул демилгеси бийлик ээлеринин демилгесин арттырат деген оюн ортого салды:

- Эгерде президент иштен түшкөн учурда кылмыш жасаганы билинген болсо, ал атуул катары жоопко тартылышы керек. Ошондо гана башка президенттер да ойлонот, кокус бир иш кылсам жоопко тартылышым мүмкүн экен деп бир нерсени сезет. Ошондуктан кол тийбестикти урматтуу депутаттардан дагы, урматтуу президенттен да алып коюш керек.

Президенттин түштүк аймагы боюнча өкүлү Жантөрө Сатыбалдиев болсо учурда Баш мыйзамды талкуулоо өнөктүгүн жүргүзүүдө оппозициялык маанайдагы "Асаба", "Ата мекен" сыяктуу саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө бут тосуулар орун алып жаткандыгын белгилөө менен, жергиликтүү жетекчилерден партияларга карата калыс мамиле кылууну талап кылды. Мисал катары ал "Асаба" партиясынын Ош облустук китепканасынын жыйындар залын талкуу үчүн ижарага сураган өтүнүчү четке кагылгандыгын айтып өттү:

- Биз саясий оппозиция маанидеги жана өкмөттүк партиялар менен бирдей мамледе иш алып барышыбыз керек. Бардык партиялар бирдей укуктуу, - деди президенттин түштүк аймагы боюнча өкүлү Жантөрө Сатыбалдиев.

Мындан сырткары коомчулуктун айрым бир өкүлдөрү Баш мыйзамдын долбоорун калктын калың катмарына жеткирүүдө бир катар кемчиликтер кетирилип жатканын белгилешүү менен демилгечилерден аталган өксүктү толуктоону суранышты:

- Сиз барып азыр актив менен жолугасыз, ал эми карапайым элге дагы эле жетпейт. Гезиттерди азыр эл албайт, айылдарда радиолор иштебейт. Ошон үчүн биздин акыбалды жакшылап эске алып койсоңуз жакшы болот эле - дейт жазуучу, публицист Ризван Исмаилова.

XS
SM
MD
LG